Россияда обочолонуу учурунда таксисттердин 93%ы кирешеден кол жууган

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМосквадагы көчөдө Росгвардиянын кызматкерлери таксинин жанында. Архив
Москвадагы көчөдө Росгвардиянын кызматкерлери таксинин жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан баргандардын бир тобу такси кызматында иштээри белгилүү. Обочолонуу мезгили аяктап баратканда такси кызматына болгон талап өскөнү айтылат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Россияда таксисттердин 93 пайызы обочолонуу мезгилинде кирешесинен кол жууган. Мындай жыйынтыкты Qiwi басылмасынын серепчилери чыгарганын "Известия" жазды.

Сурамжылоого катышкандардын 41 пайызынын карантин маалында тапкан каражаты 50 пайыздан 80 пайызга чейин кыскарган. Ал эми 17 пайызында 80 пайыздан өйдө азайып кеткен. Респонденттердин көбү (70%) обочолонуу мезгилинде аз-аздан иштеп турганын айтышкан. Ошол эле убакта айдоочулардын 21 пайызы жумушунан таптакыр кетип калган.

Ошондой эле "Известияга" такси сервистеринин бири дагы айдоочулардын кирешеси азайгандыгын тастыктап, апрель айынын биринчи жумасында эле чалуулардын саны орто эсеп менен эки эсеге кыскарганын билдирген.

Экологияга өтө чоң коркунуч жараткан 5 кроссовер тизмектелди

Сурамжылоого ылайык, обочолонуу мезгили аяктап бараткан убакта такси кызматына болгон талап өскөн. Себеби коомдук транспортко түшүүдөн корккон эл жеңил унаа менен жүрүүнү тандаган.

Таксиге болгон талап менен бирге анын баасы дагы өскөн. Маалыматта такси менен жүрүүнүн акысы 5-11 пайызга кымбаттаганы, жыл этегине чейин дагы 2-6 пайызга жогорулашы мүмкүн экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0