Кремль Жээнбековго парад алдындагы чечими үчүн ыраазы болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСу-25 штурмовиктер Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадында
Су-25 штурмовиктер Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү. Ага Сооронбай Жээнбеков барганы менен катыша алган эмес.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кремль Сооронбай Жээнбековго делегация мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталып калгандыктан, башка конокторго корконуч жаратпайын деп Жеңиш парадына катышпоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Кечээ, 24-июнда, Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус чыгып, президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана Күзөт кызматынын кызматкери болуп чыккан.

"Президент Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү парадга катышуу үчүн Москва шаарына келип бергенине ыраазыбыз. Тилекке каршы, айрымдарда вирус аныкталып калып, президент парадга катышпоо чечимин кабыл алды. Ал биринчи кезекте салтанатка катышып жаткан ардагерлердин жашоосуна, экинчиден башка өлкө башчыларга коркунуч жараткысы келген жок. Мындай чечими үчүн рахмат айтабыз”, — деди Песков.

Бегилгей кетсек, Жээнбеков өлкөгө кайтары менен тапшырган тесттин жыйынтыгы бүгүн чыгып, ал вируска чалдыкпаганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0