Москвада КР жарандарынан акча алып, мекенге жиберүүгө аракет кылгандар аныкталды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОпределение поддельных купюр в России
Определение поддельных купюр в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-11-июнь күндөрү Россиядагы айрым кыргызстандыктар мекенге кайтуу үчүн Москва шаарынан россия-казак чек арасына, Оренбург шаарына чыгууга аракет кылышкан. Алар Кыргызстанга Казакстан аркылуу өтөбүз деп пландашкан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Москва шаарында кыргызстандыктарды "мекенге алып кетебиз" деп автобус уюштуруп, акча алган ортомчулар аныкталды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 10-11-июнь күндөрү Россиядагы айрым кыргызстандыктар мекенге кайтуу үчүн Москва шаарынан россия-казак чек арасына, Оренбург шаарына чыгууга аракет кылышкан. Алар Кыргызстанга Казакстан аркылуу өтөбүз деп пландашкан.

"Автобустар жүргүнчүлөрдү Москва шаарындагы Котельник районунда күтүп жаткан. Бул учурду штаб кызматкерлери билип, алдын алууга жетишти. Мекенге сапар алган кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, казак тарап аркылуу Кыргызстанга барууга мүмкүн эмес экендиги айтылды. Анткени Казакстандын чек арасы ачыла элек. Мекендештерди Москвадагы хостелдерге жайгаштыруу жана жумуш менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү", — жазылат билдирүүдө.

ТИМ мекендештерге туура эмес маалымат берип, акча алып, автобус уюштурган ортомчулар аныкталганын айтып, аларга чара көрүлөрүн баса белгиледи. Маалым болгондой, ортомчулар ар бир жүргүнчүдөн 3000 рублден чогултушкан.

Шереметьево аэропортунда учактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июнь-июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдар уюштурулат
"Самара облусунда 60тай кыргыз жараны турат. Алар элчиликтин айтканын укпай, Москва шаарынан россия-казак чек арасына чыгып кетишкен. Бирок чек ара жабык. Мындан улам алардын жарымы Москвага кайра барышты. Россияда карантинден улам киргизилген чектөөлөр акырындан алынып, чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар мурдагы жумуш орундарына кайтып же жумушка орношуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргыз жарандарын туура эмес, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, Казакстандын чек арасы жабык экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0