Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психиатр: гаджеттер жасалма аутисттерди пайда кылып жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык психикалык ден соолук борборунун психиатры Уулкан Итикулова
Республикалык психикалык ден соолук борборунун психиатры Уулкан Итикулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Республикалык психикалык ден соолук борборунун психиатры Уулкан Итикулова аутизм медициналык көз караш менен алганда психикалык, ички жан дүйнөнүн бузулуусу болуп эсептелерин айтты.
Аутизм — жогорку нервдин өнүгүшүнүн бузулушу. Ал азыркы кылымдын чумасы десек деле болчудай. Акыркы он жылдын ичинде аутизм менен жабыркаган балдардын саны жашоо шартка байланыштуу бир топ өстү. Бул тууралуу Уулкан Итикулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психиатр: гаджеттер жасалма аутисттерди пайда кылып жатат
Анын айтымында, эгер ата-энелер же дарыгерлер аутизмди ымыркай кезинде аныктай алышса, баланын мээсинин иштешин бир топ жакшыртса болот.
"Совет мезгилинде кош бойлуу аял үч сааттай иштесе, азыр 12 сааттап жумушта жүрөт. Мындайча айтканда, жашоо образы начар. Мунун баары организмдин алсыздануусуна алып келет. Баланын аутизм менен жабыркап төрөлүшүнө экология, боюнда бар аялдардын тамактануусу, иштеген жумушу, өзүнө кам көрүүсү да таасир этет. Андыктан кош бойлуулукту бир жыл мурун даярдык көрүп пландоону сунуштайт элем. Ал эми аутизмдин жалпы белгилерине термелүү, айлануу же кайталанган кыймылдар, физикалык, социалдык карым-катнаштын, сүйлөөнүн бузулушу, түшүнбөгөн сөздөрдү же кыска сүйлөмдөрдү кайталап айтуу кирет. Ошондой эле ата-эненин же башка адамдардын сөзүнө, кыймыл-аракетине жооп катары жылмайбайт же күлбөйт. Бирок аутист эмес балдарда да ушул сыяктуу түнттүк, жүрүм-турумдун өзгөрүшү байкалышы мүмкүн. Бул баланын өнүгүшүнүн артта калышы. Ата-энелер балам жоош же азыр түшүнбөйт дебестен өз курагына жараша сүйлөшүп, акыл-эсин өнүктүрө турган оюндарды ойноп, жомок айтып бериш керек. Баланы тарбиялоого үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү катышууга тийиш. Белгилеп кетүүчү жагдай, балдардын заманбап гаджеттерге берилүүсү жасалма аутисттердин пайда болуусуна себепчи болуп жатат", — деди Итикулова.
Дарыгер аутизмдин ар кандай синдрому болорун, эрте аныктап, адистер өз учурунда бала менен иштешсе андан арылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0