Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: техникалык паспорт үйдүн документи болуп эсептелбейт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Победа" адвокаттар коллегиясынын юристи Урматбек Сыдыков
Победа адвокаттар коллегиясынын юристи Урматбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Победа" адвокаттар коллегиясынын юристи Урматбек Сыдыков борбор калаадагы жеке менчик турак жайлардын ээлери документтерин тууралап алышы керектигин айтты.
Сыдыков: техникалык паспорт үйдүн документи болуп эсептелбейт

Техникалык паспорт үйдүн документи болуп эсептелбейт. Анткени жергиликтүү бийлик тарабынан үй салууга берилген токтом гана укук берүүчү документ болуп саналат. Бул тууралуу Урматбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputniknews.com/popup_radio/14/s маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым шаар тургундары огородунун аянтын кеңейтип тосуп алган.

"Мурда "кызыл китеп", "жердин менчиги" деген түшүнүктөр жок эле. Булар кийин эле пайда болду. Мындан улам шаардын ичинде жеке менчик турак жай ээлеринин үйүнүн документи бар, бирок огородунун аянты тактала электер бар. Алар мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринин жардамы менен жеринин чектерин тактап, тийиштүү документтерди дайындап алышы зарыл. Болбосо турак жайды сатууда бул жагдай көйгөй жаратып коюшу толук ыктымал. Андан тышкары, көп адамдар техникалык паспорт үйдүн документи деп ойлошот. Бул — жаңылыш пикир. Жергиликтүү бийлик тарабынан үй салууга берилген токтом гана укук берүүчү документ болуп саналат. Анткени аталган документ шаардын генералдык планына ылайыкталып берилет", — деди Сыдыков.

Адвокат ошондой эле жарандардын документ иштерин так жүргүзбөгөндүгүнөн улам коррупциялык элементтерге жол ачылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0