Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Соронбаев: жылууланбаган үй 5 саатта эле муздап калат

© Sputnik / Асель СыдыковаИнженер KyrSEFF Салават Соронбаев
Инженер KyrSEFF Салават Соронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Салават Соронбаев үйдү жылуулоодо дубалдын калыңдыгын эске алуу керектигин айтты.
Соронбаев: жылууланбаган үй 5 саатта эле муздап калат

Жылууланбаган үй 5-8 сааттын аралыгында эле муздап калат. Суук түшкөнчө үйдү жылуулап алуу менен кышта жагыла турган отундун 50 пайызын үнөмдөп калса болот. Бул тууралуу Салават Соронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бөлмө туура эмес же таптакыр жылууланбаган учурда шып аркылуу жылуулуктун 30, дубалдардан 35 жана полдон 20 пайызы сыртка чыгып кетет.

"Үйдү жылуулоочу материалдардын бир нече түрү бар. Алсак, пенопласт, пеноплекс, минералдык кебез, базальт, керамзит жана башкалар. Учурда булардын ичинен эң арзаны пенопласт. Ал Кыргызстанда даярдалат. Пенопласт менен кожоюн өзү эле үйүн жылуулап алса болот. Аталган материалдарды иш жүзүндө шыбактын негизинде күндүн түз тийген нурунан сактаса, көп убакыт кызмат көрсөтөт. Шыпты жылуулоодо заманбап, салмагы жеңил материалдарды колдонсо жылуулукту жакшы сактайт. Алардын калыңдыгын 5 сантиметрден 10 сантиметрге чейин кылса болот", — деди Соронбаев.

Ал ошондой эле жылуулукка жараша өзү өчүп-күйүп турган үй жылыткычтарын колдонуп электр энергиясын үнөмдөсө болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0