Быйыл ЖОЖго тапшырам деген абитуриент милдеттүү түрдө Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) негизги жана кеминде бир кошумча предметтик тестине катталышы керек. Бул тууралуу Мээрим Кадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖРТга каттоо акысы 320 сомду түзөт.
"Быйыл ЖОЖго тапшырам деген абитуриент милдеттүү түрдө ЖРТга каттоодон өтүшү керек. Эгер ал мектепти бул жылы эмес, былтыр же мурдагы жылдары аяктаган болсо, жашаган аймагынан каттоодон өтө алат. Негизги тестке каттоо акысы 320 сом. Андан сырткары, кошумча алты предметтик тест болот. Абитуриент негизги тест менен бирге жок дегенде бир кошумча предметтик тестке катталып, "РСК банкы" аркылуу акчасын төлөп, квитанция алат. Ага кошуп 3x4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт, паспорт, эгер мектепти мурдагы жылдары бүтүргөн болсо аттестаты керектелет" ,— деди Кадырова.
Ал каттоодон 4-апрелге чейин өтүш керектигин, ар кандай себептерден улам жетишпей калса, 17 жана 21-май күндөрү кошумча каттоо өтөрүн белгилеп өттү.