01:36 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Рыспаев: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоону Киркомстромдон баштоо керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
4811

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, Карабалта — Бишкек жолун оңдоону Киркомстромдон баштоо керек.

Бишкек — Кара-Балта жолун ремонттоону Военно-Антоновка айылынан ары баштоо туура эмес. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

"Бишкек — Кара-Балта жолунун долбоору каралып жатканда жол Бишкек шаарындагы Киркомстром аймагынан башталары айтылган эле. Бүгүн эмнегедир ремонт Военно-Антоновкадагы өткөрүү пунктунан ары жасалары белгилүү болду. Калктын негизги бөлүгү жашаган жол оңдолбой калып жатат", — деди депутат.

Эл өкүлү маселени карап, Карабалта — Бишкек жолун оңдоону Киркомстромдон баштоо керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Транспорт министрлиги Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо үчүн Кытайдын ChinaRailway LTD команиясы менен 70 миллион долларлык келишимге кол койгон. Ага ылайык, аталган компания Бишкек — Кара-Балта жолун оңдомой болгон.

Тема боюнча

Бишкек — Кара-Балта жолун Кытай компаниясы оңдойт
Белгилер:
ремонт, жол, Кожобек Рыспаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ