Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыспаев: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоону Киркомстромдон баштоо керек

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, Карабалта — Бишкек жолун оңдоону Киркомстромдон баштоо керек.
Рыспаев: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоону Киркомстромдон баштоо керек

Бишкек — Кара-Балта жолун ремонттоону Военно-Антоновка айылынан ары баштоо туура эмес. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

"Бишкек — Кара-Балта жолунун долбоору каралып жатканда жол Бишкек шаарындагы Киркомстром аймагынан башталары айтылган эле. Бүгүн эмнегедир ремонт Военно-Антоновкадагы өткөрүү пунктунан ары жасалары белгилүү болду. Калктын негизги бөлүгү жашаган жол оңдолбой калып жатат", — деди депутат.

Эл өкүлү маселени карап, Карабалта — Бишкек жолун оңдоону Киркомстромдон баштоо керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Транспорт министрлиги Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо үчүн Кытайдын ChinaRailway LTD команиясы менен 70 миллион долларлык келишимге кол койгон. Ага ылайык, аталган компания Бишкек — Кара-Балта жолун оңдомой болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0