Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында эртең, 19-декабрда, кар жана жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет маалымдады.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу
Түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарына жамгыр, кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт. Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Ысык-Көл аймагында -2...+3 градус болот. Термометр Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +2...+7 градусту көрсөтөт. Суук Нарын жергесинде күчүнө кирип, -4…-9 градус болот.

Бишкек, Ош калааларында күн ачык болот. Күн борборубузда 2...4 жана Ошто 5… 7 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0