Октябрда кар жаайбы? Кыргызстан боюнча бир айга карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинПарк имени Даира Асанова в Бишкеке
Парк имени Даира Асанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-октябрдан тарта күн салкындай баштайт, бирок нормадан жогору болору күтүлүүдө.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка караганда, абанын айлык орточо температурасы нормадан 1-3 градуска жогору болот. Айдын биринчи жарымында жылуу аба ырайы күтүлсө, андан соң күн салкындай баштайт.

Чүй жана Талас облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-3 градуска жогору болору күтүлүүдө. Чүй облусунда 11…13, Таласта 8-10 градус жылуу болмокчу. Айдын биринчи жарымында түнкүсүн 8…13, күндүзү 24…29 градуска жетет. Ал эми айдын орто ченинде жана аягында түнү 2-7, күндүзү абанын температурасы 20…25 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-2 градуска жогору болуп, күндүн табы 12…14 градуста сакталат. Тоо этектеринде 9…11 градус жылуу болот. Октябрдын биринчи жарымында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градуска ысыйт. Айдын экинчи жарымында жана аягында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градуска жылый турганы болжолдонууда.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору сакталып 8…10 градус болмокчу. Түнкү абанын температурасы 3…8, күндүз 15…20 градус жылуу болот. Ал эми айдын ортосунда күн сууктап –2…–4, күндүз 13-18 градус нөлдөн жогору болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору сакталып, 5…7 градусту түзөт. Түнү 1…6 градустан 0…–5 градуска түшүп сууктайт. Ал эми күндүз 13…18 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0