Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСельское хозяйство в Кыргызстане
Сельское хозяйство в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 27-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай божомолду Кыргызгидрометтен билдиришти.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жайдын акыркы, күздүн алгачкы күндөрү. Келерки жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Аптанын алгачкы күнү Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында аба ырайы түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32 градус ысык болот. Чүйдө түнкүсүн +10…+16, күндүз +25…+30, Нарын менен Ысык-Көлдө күндүз +20…+25 градус нөлдөн жогору.

Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарын дагы жагымдуу аба ырайы күтүүдө. Күн ачык болуп, абанын температурасы борбор калаада түнкүсүн +12…+14, күндүзү +27…+29 градус ысык. Ошто түнкүсүн +13…+15, күндүзү +28…+30 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0