Августтун ичинде аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанда эс алып жаткан шаар тургундары. Архив
Фонтанда эс алып жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаан-чачын республиканын ар кайсы жактарында ар кандай көлөмдө жаай турганы айтылды. Бир катар аймактарда аз болсо, кээ бир жерлерде нормадан жогору болот дешти.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет август айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Чүй өрөөнүндө +21…+23, Талас өрөөнүндө +19…+21 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +10…+15 градустан +17…+22 градуска чейин, күндүз 22…27 градус жылуулуктан +30…+35 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат дешти синоптиктер. Тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12 градус жылуу, күндүз +18…+23 градус жылуулуктан +25…+30 градуска чейин жетээри айтылды. Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормадан төмөн жаайт.

Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ Ысык-Көлдө иштеп жаткан куткаруучулардын санын айтты
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын айлык орточо температурасы өрөөндөрдө климаттык нормага жакын болуп, +23…+25, тоо этектеринде +19…+21 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +16…+21 градус жылуулук тегерегинде болуп, күндүз +25…+30дан +31…+36 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Синоптиктер тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25 жылуулуктан +27…+32ге чейин ысыйт дешти.

Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормадан төмөн болору кабарланды.

Ысык-Көл облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +16…+18 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23төн +24…+26 градус жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында +25…+30га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Нарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +15…+17 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23 жылуулуктан, +25…+30 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болот.

Жайыт зоналары:

Ысык-Көлгө мөндүр жаады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлгө мөндүр жаады. Видео
Алайда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан төмөн болуп, +6…+8 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градустун, күндүз +12…+17 градустун тегерегинде жылуу болуп, кээ бир күндөрү +18…+22ге чейин жогорулашы күтүлөт.

Суусамырда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, +10…+12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градус, күндүз +15…+20дан жогорулап, +22…+27 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0