Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан автоунаа. Архив
Жолдо бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 9…14 градуска жылыса, Таласта 15…20, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 13…18, Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, 13…17 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0