19:59 14 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.2500
  • EUR78.8515
  • RUB1.0374
Сильные морозы в Бишкеке

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында күн кескин сууктайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
300610

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо мал кармоону кыйындатат

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-февралдан 18-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы болорун эскертип, шашылыш билдирүү таратты.

14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондоруна кар түшөт.

15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт.

17-18-февралда кээ бир райондорго кар түшүп, электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңуп тайгалак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткү жаралышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 градус суук, күндүз 1…6 градуска чейин суук болот, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13 градус суук, күндүз суук 2…7 градус жылуу болот, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8 градус суук, күндүз 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт. Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 8…13 градус, күндүз 5 градуска чейин суук болот. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо сууктун күчү үнкүсүн 8…23, күндүз 9…14 градуска жетет. Ал эми бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30, күндүз 11…16 градуска чейин суук болору айтылды.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо мал кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында элге эскертүү берилген. Ошондой эле өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарынын мэрине маалымат берилген.

Кыргызстанда февраль айында аба ырайы кандай болот?

Тема боюнча

Кар көрөбүзбү? Февраль айына карата аба ырайы
АКШда сууга тумшугу чыгып тоңуп калган аллигаторлор тирилди
Белгилер:
аба ырайы, ӨКМ, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ