Сууктун тумшугу сынабы? Эртең аба ырайы кандай болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден тоолуу райондордо 14 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү сууктун күчү акырындап басаңдап, бүгүнкүгө караганда 2 градуска жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жума аягына чейин аба ырайы кандай болот
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден тоолуу райондордо 14 метрге чейин жетет.

Борбор калаабызда түнкүсүн суук өз бийлигин жүргүзүп, —15…-17 градуска чейин жетет. Ал эми күндүз акырындап күн жылып, —3…-5 градус болот.

Ош шаарында Бишкекке салыштырмалуу жылуу болору айтылды. Түнкүсүн сууктун күчү —4…-6 градус болсо, күндүз күн ачык болуп, 2…4 градуска чейин жылый турганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0