Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондоруна жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 11…16, Таласта 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 12…17, Ысык-Көл менен Нарында 11…13 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош калаасында күн ачык болуп, абанын температурасы 14…17 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0