Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Эртең, 14-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 29…34 градус ысык болсо, Ысык-Көл менен Нарында абанын температурасы 27 градуска жетет.

Ал эми Чүйдө 32, Таласта 30 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0