Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 4-август күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Чүйдө ысыктын күчү 26…31 градуска жетсе, Таласта 24…29 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 26…31 градус ысык болору болжолдонууда. Ысык-Көл менен Нарында абанын температурасы 23…28 градуска чейин жетет.

Бишкекте күн 28…30 градуска чейин ысыса, Ош шаарында андан бир градус жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0