Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатырчан кыз. Архив
Кол чатырчан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлөт.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Эртеңден тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ысык-Көлдө эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерди жууп кетүү коркунучу жаралат. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Чүй жана Талас өрөөнүндө 31…36 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 32…37 градус, Ысык-Көл менен Нарында  25…30 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 36 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0