00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Евразийская интеграция: в чем общие интересы кроме экономики?
08:04
29 мин
Будь в курсе
«Открытый кабинет»: о ключевых направлениях деятельности МИД КР сегодня
08:33
23 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу үрөн – азык-түлүк коопсуздугунун негизи: “Үрөнчүлүк жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылытуу мезгилине даярдык: “Бишкекжылуулуктармагы” кандай иштерди аткарууда?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Юридикалык өкүлчүлүк жөнүндө мыйзам: жарандардын укугун коргообу же адвокаттарга монополиябы?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубанычбек Конгантиевдин кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, 46 жаштагы мурдагы депутатка 10-мартта иш козголгон. Ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө. Тергөө иштеринин жыйынтыгында Конгантиев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Кечээ, 10-мартта ал мандатын тапшырганын БШКдан билдиришкен. "Эл өкүлүнүн ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылды", — дешкен аталган комиссиядан. Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган. Анын ордуна кийинки тизме боюнча Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.
Жакынкы Чыгыштан үч миңдей кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Сейтек Жумакадыр уулу брифингде билдирди. Анын айтымында, БАЭден 300, Катардан 166 жаран мамлекет уюштурган каттамдар менен Кыргызстанга учуп келген. Ал эми калгандары өз каражатына жана туристтик компаниялар менен түзүлгөн келишимдин негизинде өлкөгө келишүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңдей кыргызстандык бар экени айтылган. Жакынкы күндөрү калган мекендештердин келиши күтүлүп жатат. Белгилей кетсек, февралдын соңунан тарта Жакынкы Чыгышта абал курчуп, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
2026-жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот. "Буга чейинки STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акысы гана жогорулайт, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдеринин маянасы көтөрүлбөйт деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деди министрлик. Эске салсак, Садыр Жапаров IV Элдик курултайда 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөрүн айткан.
Бишкек — Ош жолундагы көзөмөл камералары апрель айынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, трассага 266 камера орнотулуп жатат. Иш аягына чыгып калды. "Жол кырсыгынын негизги себеби — айдоочулардын ылдамдыкты ашырышы. Камералар ошол кырсыктарды азайтуу максатында орнотулууда", — деди Урманбетов.
Жаңылыктар түрмөгү
0