Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАба ырайы. Архив
Аба ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында ала булут каптап турарын Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 26…31 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 29…34 градус ысык болсо, Ысык-Көл менен Нарында күндүн табы 18…23 градус болот.

Ош менен Бишкек шаарларында болсо күн ачык болуп, 34 градуска чейин ысык болору маалыматта айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0