Ишкерлерге негизсиз иш козгогон тергөөчүлөрдү айыпка тартуу демилгеленүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөчү бизнесмендерге ишкердик учурунда мыйзамсыз иш козгогондугу үчүн айыпка тартылат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бизнесмендерге карата ишкердик учурунда негизсиз кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөр жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Аталган мыйзам долбоорун "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров демилгелеп, коомдук талкууга коюлду.

Анын айтымында, конкреттүү бизнесменге карата эмес, ишкердиги боюнча кылмыш иштери козголгон учурлар көп кездешет. Мындай иштерди иликтөө бир нече айга созулуп, кийин ал иштер токтоп калат. Бул учурларда ишкерлер аябай чоң зыяндарга учурап, ишкердик репутациясы запкы жейт.

"Ишкердик ишке тоскоолдук кылуу менен мыйзамсыз иш козголуп, ал олуттуу зыян тартууга алып келсе, тергөөчү эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Ал эми ири зыян тартууга алып келсе беш жылдан жети жылга чейинки жазага тартылат", — деп жазылат маалыматта.

Демилгеге ылайык, ишкер 1 миллион сомго чейин зыян тартса олуттуу, андан ашык зыянга учураса ири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0