Өлкө аймагында суук күчүндө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан шаардыктар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан шаардыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Эртең, 6-февраль күнү, өлкөдө күн суук боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте түнкүсүн 12…14 градус суук болсо, күндүз абанын температурасы 2 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн —6…-8 суук, күндүз 1 градуска чейин жылуу болот.

Кыргызстандын калган аймагында да жаан-чачын күтүлбөгөнү менен суук күчүндө болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0