https://sputnik.kg/20261006/kyrgyzstan-zhumush-izdoo-agenttik-1104128242.html
Кыргызстанда агенттиктерге жумуш издегендерден акы алууга тыюу салынышы мүмкүн
Кыргызстанда агенттиктерге жумуш издегендерден акы алууга тыюу салынышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жеке агенттиктерге жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо... 06.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-06T17:43+0600
2026-10-06T17:43+0600
2026-10-06T17:50+0600
кыргызстан
жумуш
акы
мыйзам
долбоор
сунуш
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070753406_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_c467c2b37d823ecf38ef3bd2e4364ad3.jpg
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жеке агенттиктерге жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.Мыйзам долбоорун иштеп чыккан ведомство жумуш издөөчүлөрдөн акча талап кылуу жумушка орношууну татаалдаштырып, каржылык тоскоолдуктарды жаратат деп эсептейт.Мындан сырткары, жарандарды чет өлкөгө ишке жөнөткөн жана чет элдиктерди өлкө ичинде жумушка орноштурган агенттиктер беш жылдык лицензия алышы керек. Ал эми өлкө ичинде гана иш алып баргандар реестрге катталып, ар квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилет.Ошондой эле сунушка ылайык, чет өлкөгө жумушка орноштурган агенттиктердин атайын эсебинде камсыздандыруу каражаты болушу шарт. Бул каражат өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жаранды мекенине кайтарууга, анын ичинде жол киресин төлөөгө, ошондой эле каза болгон же жаракат алган жарандарды алып келүүгө жумшалат.
https://sputnik.kg/20261001/ilim-ministrinin-maegi-kvota-1104026473.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070753406_233:0:2964:2048_1920x0_80_0_0_acec7c2021c94022504ad151ce8f3eb4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жумуш, акы, мыйзам, долбоор, сунуш
кыргызстан, жумуш, акы, мыйзам, долбоор, сунуш
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жеке агенттиктерге жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Мыйзам долбоорун иштеп чыккан ведомство жумуш издөөчүлөрдөн акча талап кылуу жумушка орношууну татаалдаштырып, каржылык тоскоолдуктарды жаратат деп эсептейт.
"Эгер долбоор кабыл алынса, агенттиктердин кызмат акысын жумуш берүүчү гана төлөөгө тийиш болот", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, жарандарды чет өлкөгө ишке жөнөткөн жана чет элдиктерди өлкө ичинде жумушка орноштурган агенттиктер беш жылдык лицензия алышы керек. Ал эми өлкө ичинде гана иш алып баргандар реестрге катталып, ар квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилет.
Ошондой эле сунушка ылайык, чет өлкөгө жумушка орноштурган агенттиктердин атайын эсебинде камсыздандыруу каражаты болушу шарт. Бул каражат өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жаранды мекенине кайтарууга, анын ичинде жол киресин төлөөгө, ошондой эле каза болгон же жаракат алган жарандарды алып келүүгө жумшалат.