https://sputnik.kg/20261003/rossiya-ehkonomikasyn-kantip-saktap-kaldy-1104067624.html
Россия экономикасын солк эттирбей кантип сактап калды. Серепчи төрт себеп келтирди
Россия экономикасын солк эттирбей кантип сактап калды. Серепчи төрт себеп келтирди
Sputnik Кыргызстан
Макалада РФ экономикасынын сырына, кескин санкциялык чаралар көрүлүп жаткан маалда өлкө кантип өсүп, валютасын кантип бекемдеп жатканына сереп салынды. 03.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-03T20:12+0600
2026-10-03T20:12+0600
2026-10-03T20:12+0600
дүйнөдө
россия
экономика
санкциялар
мунай
бюджет
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103897129_0:80:1536:944_1920x0_80_0_0_e078cee736e076918ed14aaf84861831.png
2022-жылдын апрелинде Эл аралык валюта фонду бир жыл аралыгында Россия экономикасынын 8,5 пайызынан кол жууй турганын божомолдогон. Бүтүм реалдуулукка негизделген эле — Батыш мамлекеттери Россия банкынын валюта резервин бөгөттөп, өлкөнүн ири банктарын SWIFT эл аралык эсептешүү системасынан ажыратып, Европа рыногун жаап, Россияга жабдуу менен технологияларды алып кирүүгө тыюу салган болчу. Бирок жоготуу күтүлгөндөн болжол менен 7 эсе аз болду, Росстаттын маалыматы боюнча, 2022-жылдагы төмөндөө болгону 1,2 пайызды түзгөн. Андан кийин бардык божомолдордун таш-талканын чыгарып, өсүш башталды. 2023-жылы Россиянын ИДПсы 4,1 пайызга жогорулап, 2024-жылы 4,9ду көрсөттү. Кийинки жылы дагы бир пайыз кошулуп, 2026-жылдын экинчи кварталында былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,3кө көбөйгөнүн көрүүгө болот. Айтор, түшүнүксүз жагдай жаралды: катуу санкция алдында калган экономика ошол чектөөлөрдү киргизген өлкөлөргө караганда тезирээк өсүп жатты. "Мунай кымбат да" деген түшүндүрмө бул жерде шоона эшпейт, анткени быйыл жыл башында нефть дүйнөлүк рынокто бир топ эле арзан болчу. Буга карабастан экономика өйдөлөй берди. Экономиканын кыйрашы деген эмне? Бул — заводдордун жабылышы, акчасын алуу үчүн банк алдында узун кезекке турган эл, кескин түшүп кеткен валюта курсу жана импорттун токтошу. Россияда мунун бири да болгон жок. Түшүндүрмөсү төрт тирөөчкө таянат: чийки зат экспорту, рублдин бекемдиги, бюджеттин кору жана мамлекеттик ички тапшырык. Ар бирин өзүнчө талдап көрөлү. Россиянын мунайы кайда кетет? Россия дүйнөгө мунай, газ, көмүр, эгин, металл жана жер семирткич сатат. Санкциялар бул товарлар үчүн европалык рынокту жапты, бирок дүйнөлүк суроо-талап ошол боюнча калып, керек болсо өсүп жатат. Россиялык компаниялар болгону экспортун Азияга — Кытай, Индия, Түркия жана Перс булуңундагы өлкөлөргө багыттап койду. Албетте, кардарлар тобокелдик үчүн товарга арзандатуу сурагандыктан жол кире кымбат түштү, мисалы, Роттердамга караганда Азия алда канча алыс эмеспи. Башкысы, валюталык кирешенин учугу үзүлгөн жок. Сөзүбүздү сан менен бекемдеп коелу. I кварталда Россиянын Urals мунайынын бир баррели орточо 54 доллардан сатылды, бул бир жыл мурункуга караганда 14 пайызга аз сумма. Ошол эле учурда Евробиримдик россиялык нефтинин жеткен чегин 44 доллар деп бекитип, үчүнчү өлкөлөрдө россиялык сырьедон жасалган мунай продуктуларын киргизүүгө тыюу салды. Башкача айтканда, экспортко кысым баа ансыз да төмөн болуп турганда жасалды. Ал эми жайында жагдайга география аралашып кеткендей. Израиль менен Ирандын кагылышуусунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өткөн танкерлердин саны кыйла кыскарды. Россиянын бул кысыкка тиешеси жок, Жакынкы Чыгыштан мунай бери чыкпай дүйнөлүк суроо-талапты жогорулатып жиберди. Төрт жуманын ичинде россиялык нефтинин экспорту суткасына 3,54 миллион баррелге жетип жатты. Эл аралык энергетика агенттигинин баасы боюнча, 2026-жылдын августунда Россия мунай жана мунай продуктуларын сатуудан 13,87 миллиард доллар пайда көргөн. Ошентсе да нефтинин экономикасы бир караганда жеңил көрүнгөнү менен бир топ эле татаал. Коюлган нарк толугу менен бюджетке жетпейт: айрым багыттарда танкерлердин акысы баррелине 23-26 долларга чыгып кетет, башкача айтканда, баанын бир тобу логистикага сарпталат. Мындан тышкары, мунай тышкы рынокто канчалык кымбат болсо, бюджет нефть казгандарга ошончолук көбүрөөк компенсация төлөп берет, бул өлкө ичинде бензин тышка сатылгандан арзан кетип жатканы менен түшүндүрүлөт. 2026-жылдын январь-августунда мындай төлөмдөр 915,8 миллиард рублди түзгөн. Ошентсе да кирешени кемите алган эмес. Январь-июль аралыгында экспорт 165,3 пайызга өсүп, 271,8 миллиард долларды түзсө, импорт 15 пайызга жогорулап, 192,8 миллиардга жеткен. Мындан улам Россиянын соода профицити 79 миллиард долларды түзгөнүн көрүүгө болот (былтыр 66 млрд). Ал эми учурдагы операциялардын эсебинин профицити 33,9 миллиард долларга чамалап барды (былтыр 21,5 млрд). Жыйынтыгы айгине: Россия дүйнөгө сатып алгандан көбүрөөк сатат, ушул жердеги айырмачылык өлкөнү валюта менен камсыздап, экономиканын калган тирөөчтөрүнүн өсүүсүн шарттоодо. Рублдин сыры 2022-жылы көпчүлүк бир доллар 150-200 рубль деп бааланган курсту божомолдоп күтүп келген. Бирок валюта туруктуулугун көрсөтүп, кээде экспортерлордун да баш оорусуна айлана койчу болду. Акыркы төрт жылда орто эсеп боюнча, доллар 84,5 рублге, ал эми юань 12 рублге бааланып, 2026-жылдын сентябрында курс ошол бойдон калды. Муну төрт себеп менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиси — тышкы сооданын профицити. Экпортерлор доллар менен юань алып, бирок айлыкты, салыкты рубль менен төлөшүүдө, мындан улам валютаны өлкө ичинде сатууга туура келип жатат. Пайда канчалык көп болсо, сунуш да арбып, натыйжада рубль да ошончолук бекемделүүдө. Экинчи себеби — капиталдын кыймылын чектөө. 2022-жылдан тарта мамлекет экспортерлорду кирешенин бир бөлүгүн сатып, акчаны чет жакка чыгарууга тыюу салган. Чет элдик инвесторлор россиялык активдерин тез арада сата калып чыгып кете албай калышты. Натыйжада маселе жаралса эле акчаны алып чыгып кеткен валюта каатчылыгынын башкы механизми жок болду. Үчүнчү себеби — пайызы чоң коюм, бул жөнүндө кийинчерээк да сөз болот. Жылдык коюму 14-16 пайызды түзгөн салым (вклад) жаздыктын алдында сакталган долларга караганда алда канча пайдалуу, ошондуктан элдин басымдуу бөлүгү каражатын рубль менен кармап отурат. Төртүнчү себеби — эсептешүүнү улуттук валютага өткөрүү. 2026-жылдын II кварталында эсептешүүдө рублдин үлүшү 63 пайызга жеткен. Бул рекорддук көрсөткүч. 2022-жылга чейин экспорттун бир бөлүгү доллар жана еврого сатылган. Башкача айтканда, Россия экономикасынын долларга болгон муктаждыгы азайып, бул өлкө ичинде суроо-талаптын кыскарышын шарттады. Албетте, рубль ушул калыбынан жазбай тура берет деп эч ким кепилдик бере албайт. 2026-жылдын жайында рубль юанга карата 21,5 пайызга арзандады. Бул мунай продуктуларын жана талкаланган инфраструктураны оңдоого жабдуунун кымбат алынышынан улам импорттун өсүшүнө байланыштуу болду. Андыктан рубль тышкы пайдадан жана валюталык чектөөлөрдөн көз каранды деп айтуу туура. Азырынча экспорт импорттон басымдуулук кылып курс кармалып турат, импорт өссө рубль арзандайт. Кымбат акчанын баа-баркы Россиянын Борбордук банкы акча саясатына келгенде өтө катаал жолду тандап алды. 2024-жылдын соңунда негизги коюм 21 пайызга жетти, бул — акыркы жыйырма жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Механизми жөнөкөй эле: кымбат насыя сооданы жайлатып, суроо-талап төмөндөп, баа кескин көтөрүлбөйт. 2025-жылдын ортосунан баштап коюм ылдыйлап отуруп, 2026-жылдын июлунан тарта 14 пайызды түзүп калды. Инфляцияны да унутпаш керек. Россия банкынын баалоосу боюнча, баанын туруктуу өсүшү жылдык эсепте 5-6 пайызга чейин ылдамдады. Банк буга айрым тармактардагы өндүрүштүк кубаттуулуктардын убактылуу кыскарышы себеп экенин айтты. 2026-жылдагы жылдык инфляция 6-7 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө, ал эми баштапкы 4 пайызга 2027-жылы кайтып келүү мерчемделген. Мындай саясатты жактагандар да, сындагандар да бар, эки тараптыкы тең кайсы бир деңгээлде туура. Жактагандар акчанын баасы жогорулабаса инфляция көзөмөлдөн чыгып, рубль арзандап, бүтүндөй импорт кымбаттап кетмектигин айтып жатышат. Ал эми сындагандар өтө бийик коюм өлкө катуу муктаж болуп турган өнөр жай менен жеке тараптардын инвестициясын муунтуп жатканын белгилешүүдө. Жыйынтык мындай: Россия финансылык туруктуулугун сактап кала алды, бирок өсүү ыргагы басаңдап, 4-5 пайыздан 1 пайызга түшүп кетти. Бюджет жана акча топтоо Россиянын бюджети бюджеттик шарт-эреже менен иштейт. Ал төмөнкүдөй: кымбат мунайдан жыл сайын түшкөн кирешеге кошумча акча Улуттук бакубатчылык фондунда топтолуп, өлкө нефть арзаныраак болгон жылы чыгымды ошол каражаттын эсебинен жабат. 2026-жылдын августунда фонд 474 милларддан 13,195 триллион рублге чейин толукталды. Россиянын мамлекеттик карызы дүйнөлүк чен боюнча өтө төмөн бойдон калууда, андыктан өкмөттүн өлкө ичинде эле карыз ала туруу мүмкүнчүлүгү бар. Бюджеттин жүктөмү өсүп жатат. 2026-жылдын январь-августунда федералдык бюджеттин таңсыктыгы 5,8 триллион рублге жетти, бул — ИДПнын 1,6 пайызы. Башкача айтканда, 8 айдын ичинде дефицит боюнча жылдык план жабылды. Чыгым 14,7 пайыздан 31,7 триллионго өстү, мында мамлекеттик сатып алууларга баарынан көп акча жумшалган. Кирешенин структурасы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Нефть жана газдын сатылышынан бюджетке түшкөн акчанын үлүшү 25тен 19 пайызга кыскарган, ал эми буга тиешеси жок тармактан түшкөн пайда бир жыл ичинде 18,1 пайызга жогорулаган. Башкача айтканда, бюджеттин мунайдан көз карандылыгы азайып, айлык, киреше салыгы менен өлкөнүн ички керектөөсүнө көбүрөөк байланууда. Салыгы менен карызы өсүп жатканына карабай 20 жыл мурун сырье гана бере алат деген мамлекет үчүн бул — чоң жылыш. Өсүштү эмне шарттап жатат? Башкы буюртмачы мамлекет болуп калды. Заводдор коргоо жана инфраструктура багытындагы келишимдердин негизинде баш көтөрбөй иштеп жатат, анын үстүнө мамлекет аванс төлөп бергендиктен ишканалар заказын бүткүчө эле акчасын алып турушту. Заводдор жумушчу жалдап, айлык акыны жогорулатты, эл ал акча менен дүкөн-базарга барып, натыйжада соода, жүк ташуу илгериледи. Бул механизмди убагында Жон Мейнарад Кейнс айткан эле: мамлекеттик чыгым суроо-талапты шарттайт, ал эми жеке сектор буга өндүрүш менен жооп берет. 2026-жылдын II кварталындагы сандар дал ушул картинаны бет алдыбызга тартууда. Чекене соода 7,2 пайызга өсүп, тамактануу жайлары — 6,2, жүк ташуу — 2,5, кайра иштетүү өнөр жайы — 2, маалымат жана байланыш 5,5 пайызга жогорулаган. Кен казуу, курулуш жана айыл чарба, тескерисинче, төмөндөп кеткен. Демек, экономиканы ички керектөөчү алдыга сүрөп, ал эми сырьелук тармактар артка тартары маалым болду. Экиномиканын дагы бир кыймылдаткычы — импортту алмаштыруу. Батыш компаниялары өлкөдөн чыгып кеткенден кийин бошогон мейкиндикти россиялык өндүрүшчүлөр менен кытайлык жеткирүүчүлөр ээледи. Тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, айыл чарба машиналарын куруу, маалыматтык технологиялар өнүктү. Бирок бул өсүштү тизгиндеп турган бир нерсе бар, бул — адам ресурсу. Россияда жумушсуздук деңгээли 2,3 пайызды түзүп, тарыхый минимумга жакындады. Жумушчу үчүн бул жакшы жаңылык, анткени иш берүүчү айлык акыны көбөйтүүгө аргасыз болот. Ал эми экономика үчүн бул артка тартуучу көрсөткүч, ишкана иштей турган киши жок болсо өндүрүш көлөмүн көбөйтө албайт. Эмгек рыногун да болжолдоп болбойт: жумушсуздардын арасында 15-25 жаштагы жаштардын үлүшү 22 пайызды түзүүдө, ал эми жумуш издөө мөөнөтү 5,4 айга узарды. Мындан өсүштү мамлекеттик буюртма шарттап, жумушчу күчтүн жетишсиздигине барып такалат деген жыйынтык чыгарууга болот. Бишкек эмне сабак алышы керек Кыргызстан үчүн россиялык экономиканын мааниси күч. Россия өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги эң башкы соода өнөктөшү бойдон калууда, дал ушул мамлекеттеги эмгек мигранттарынан арбын акча которулат. Демек, рублдин курсу кыргызстандыктардын кирешесин түздөн-түз аныктайт: рубль туруктуу болсо, сомдун да куну жогору болот, алсыз болсо сом да баасын жоготот. Россиялык инфляция менен коюм Кыргызстанга ошол эле импорттун баасы жана мигранттардын тапканы менен жетет. Мындан Кыргызстан үч сабак алышы керек. Биринчиси — резерв фонду жана аны толуктоо эрежеси. Мында алтын менен башка чийки заттардын сатылышынан түшкөн акчанын бир бөлүгүн кирешелүү жылы чогултуп коюу керек, жыл жакшы болбой калган маалда үстөк пайызы чоң болгон насыяга күнүбүз түшпөй, топтоп койгон каражатты пайдаланууга болот. Экинчиси — улуттук валюта менен эсептешүү. Кыргызстан менен Россия колдоно баштаган бул механизм Вашингтондо кабыл алынган чечимдерден көз карандылыкты азайтат. Үчүнчүсү жогорудагы экөөнөн да маанилүүрөөк: россиялык модель масштабга басым жасайт. Чоң өлкө импортту өзүнүн өндүрүшү менен алмаштыра алат, ал эми чакан экономиканын буга чамасы жетпейт. Андыктан Кыргызстан үчүн бирөөнүн моделин сиңиргенден көрө коңшулардын өндүрүшүнө аралашып, ири экспорттук компанияларды түптөө алда канча пайдалуу. Жыйынтык Россиялык экономика санкцияга төрт себептен улам туруштук берди: сырье Азияга экспорттоло баштады, рубль соода профицити жана акчанын тышка чыгарылышынын чектөөсү менен корголууда, бюджет резервдик фондго жана нефть менен газдан тышкаркы кирешеге таянып жатат, өндүрүштү мамлекет колдоодо. Мунун баары жылына бир пайыздык өсүштү камсыздап келет. Бир да өлкө мындай кысымга чыдай алмак эмес, эбак артка кетмек. Мындан улам Россиянын экономикасы кыйрайт деген жөн гана сөз бойдон калууда.
https://sputnik.kg/20260903/lavrov-evropanyn-sanktsiyasy-tuuraluu--1103423135.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103897129_86:0:1451:1024_1920x0_80_0_0_770bd55df77b3907c8fdbb0bacd03e54.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, экономика, санкциялар, мунай, бюджет
дүйнөдө, россия, экономика, санкциялар, мунай, бюджет
2022-жылдын апрелинде Эл аралык валюта фонду бир жыл аралыгында Россия экономикасынын 8,5 пайызынан кол жууй турганын божомолдогон. Бүтүм реалдуулукка негизделген эле — Батыш мамлекеттери Россия банкынын валюта резервин бөгөттөп, өлкөнүн ири банктарын SWIFT эл аралык эсептешүү системасынан ажыратып, Европа рыногун жаап, Россияга жабдуу менен технологияларды алып кирүүгө тыюу салган болчу. Бирок жоготуу күтүлгөндөн болжол менен 7 эсе аз болду, Росстаттын маалыматы боюнча, 2022-жылдагы төмөндөө болгону 1,2 пайызды түзгөн.
Андан кийин бардык божомолдордун таш-талканын чыгарып, өсүш башталды. 2023-жылы Россиянын ИДПсы 4,1 пайызга жогорулап, 2024-жылы 4,9ду көрсөттү. Кийинки жылы дагы бир пайыз кошулуп, 2026-жылдын экинчи кварталында былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,3кө көбөйгөнүн көрүүгө болот. Айтор, түшүнүксүз жагдай жаралды: катуу санкция алдында калган экономика ошол чектөөлөрдү киргизген өлкөлөргө караганда тезирээк өсүп жатты. "Мунай кымбат да" деген түшүндүрмө бул жерде шоона эшпейт, анткени быйыл жыл башында нефть дүйнөлүк рынокто бир топ эле арзан болчу. Буга карабастан экономика өйдөлөй берди.
Экономиканын кыйрашы деген эмне? Бул — заводдордун жабылышы, акчасын алуу үчүн банк алдында узун кезекке турган эл, кескин түшүп кеткен валюта курсу жана импорттун токтошу. Россияда мунун бири да болгон жок. Түшүндүрмөсү төрт тирөөчкө таянат: чийки зат экспорту, рублдин бекемдиги, бюджеттин кору жана мамлекеттик ички тапшырык. Ар бирин өзүнчө талдап көрөлү.
Россиянын мунайы кайда кетет?
Россия дүйнөгө мунай, газ, көмүр, эгин, металл жана жер семирткич сатат. Санкциялар бул товарлар үчүн европалык рынокту жапты, бирок дүйнөлүк суроо-талап ошол боюнча калып, керек болсо өсүп жатат. Россиялык компаниялар болгону экспортун Азияга — Кытай, Индия, Түркия жана Перс булуңундагы өлкөлөргө багыттап койду. Албетте, кардарлар тобокелдик үчүн товарга арзандатуу сурагандыктан жол кире кымбат түштү, мисалы, Роттердамга караганда Азия алда канча алыс эмеспи. Башкысы, валюталык кирешенин учугу үзүлгөн жок.
Сөзүбүздү сан менен бекемдеп коелу. I кварталда Россиянын Urals мунайынын бир баррели орточо 54 доллардан сатылды, бул бир жыл мурункуга караганда 14 пайызга аз сумма. Ошол эле учурда Евробиримдик россиялык нефтинин жеткен чегин 44 доллар деп бекитип, үчүнчү өлкөлөрдө россиялык сырьедон жасалган мунай продуктуларын киргизүүгө тыюу салды. Башкача айтканда, экспортко кысым баа ансыз да төмөн болуп турганда жасалды. Ал эми жайында жагдайга география аралашып кеткендей. Израиль менен Ирандын кагылышуусунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өткөн танкерлердин саны кыйла кыскарды. Россиянын бул кысыкка тиешеси жок, Жакынкы Чыгыштан мунай бери чыкпай дүйнөлүк суроо-талапты жогорулатып жиберди. Төрт жуманын ичинде россиялык нефтинин экспорту суткасына 3,54 миллион баррелге жетип жатты. Эл аралык энергетика агенттигинин баасы боюнча, 2026-жылдын августунда Россия мунай жана мунай продуктуларын сатуудан 13,87 миллиард доллар пайда көргөн.
Ошентсе да нефтинин экономикасы бир караганда жеңил көрүнгөнү менен бир топ эле татаал. Коюлган нарк толугу менен бюджетке жетпейт: айрым багыттарда танкерлердин акысы баррелине 23-26 долларга чыгып кетет, башкача айтканда, баанын бир тобу логистикага сарпталат. Мындан тышкары, мунай тышкы рынокто канчалык кымбат болсо, бюджет нефть казгандарга ошончолук көбүрөөк компенсация төлөп берет, бул өлкө ичинде бензин тышка сатылгандан арзан кетип жатканы менен түшүндүрүлөт. 2026-жылдын январь-августунда мындай төлөмдөр 915,8 миллиард рублди түзгөн. Ошентсе да кирешени кемите алган эмес. Январь-июль аралыгында экспорт 165,3 пайызга өсүп, 271,8 миллиард долларды түзсө, импорт 15 пайызга жогорулап, 192,8 миллиардга жеткен. Мындан улам Россиянын соода профицити 79 миллиард долларды түзгөнүн көрүүгө болот (былтыр 66 млрд). Ал эми учурдагы операциялардын эсебинин профицити 33,9 миллиард долларга чамалап барды (былтыр 21,5 млрд). Жыйынтыгы айгине: Россия дүйнөгө сатып алгандан көбүрөөк сатат, ушул жердеги айырмачылык өлкөнү валюта менен камсыздап, экономиканын калган тирөөчтөрүнүн өсүүсүн шарттоодо.
2022-жылы көпчүлүк бир доллар 150-200 рубль деп бааланган курсту божомолдоп күтүп келген. Бирок валюта туруктуулугун көрсөтүп, кээде экспортерлордун да баш оорусуна айлана койчу болду. Акыркы төрт жылда орто эсеп боюнча, доллар 84,5 рублге, ал эми юань 12 рублге бааланып, 2026-жылдын сентябрында курс ошол бойдон калды.
Муну төрт себеп менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиси — тышкы сооданын профицити. Экпортерлор доллар менен юань алып, бирок айлыкты, салыкты рубль менен төлөшүүдө, мындан улам валютаны өлкө ичинде сатууга туура келип жатат. Пайда канчалык көп болсо, сунуш да арбып, натыйжада рубль да ошончолук бекемделүүдө. Экинчи себеби — капиталдын кыймылын чектөө. 2022-жылдан тарта мамлекет экспортерлорду кирешенин бир бөлүгүн сатып, акчаны чет жакка чыгарууга тыюу салган. Чет элдик инвесторлор россиялык активдерин тез арада сата калып чыгып кете албай калышты. Натыйжада маселе жаралса эле акчаны алып чыгып кеткен валюта каатчылыгынын башкы механизми жок болду. Үчүнчү себеби — пайызы чоң коюм, бул жөнүндө кийинчерээк да сөз болот. Жылдык коюму 14-16 пайызды түзгөн салым (вклад) жаздыктын алдында сакталган долларга караганда алда канча пайдалуу, ошондуктан элдин басымдуу бөлүгү каражатын рубль менен кармап отурат. Төртүнчү себеби — эсептешүүнү улуттук валютага өткөрүү. 2026-жылдын II кварталында эсептешүүдө рублдин үлүшү 63 пайызга жеткен. Бул рекорддук көрсөткүч. 2022-жылга чейин экспорттун бир бөлүгү доллар жана еврого сатылган. Башкача айтканда, Россия экономикасынын долларга болгон муктаждыгы азайып, бул өлкө ичинде суроо-талаптын кыскарышын шарттады.
Албетте, рубль ушул калыбынан жазбай тура берет деп эч ким кепилдик бере албайт. 2026-жылдын жайында рубль юанга карата 21,5 пайызга арзандады. Бул мунай продуктуларын жана талкаланган инфраструктураны оңдоого жабдуунун кымбат алынышынан улам импорттун өсүшүнө байланыштуу болду. Андыктан рубль тышкы пайдадан жана валюталык чектөөлөрдөн көз каранды деп айтуу туура. Азырынча экспорт импорттон басымдуулук кылып курс кармалып турат, импорт өссө рубль арзандайт.
Россиянын Борбордук банкы акча саясатына келгенде өтө катаал жолду тандап алды. 2024-жылдын соңунда негизги коюм 21 пайызга жетти, бул — акыркы жыйырма жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Механизми жөнөкөй эле: кымбат насыя сооданы жайлатып, суроо-талап төмөндөп, баа кескин көтөрүлбөйт. 2025-жылдын ортосунан баштап коюм ылдыйлап отуруп, 2026-жылдын июлунан тарта 14 пайызды түзүп калды.
Инфляцияны да унутпаш керек. Россия банкынын баалоосу боюнча, баанын туруктуу өсүшү жылдык эсепте 5-6 пайызга чейин ылдамдады. Банк буга айрым тармактардагы өндүрүштүк кубаттуулуктардын убактылуу кыскарышы себеп экенин айтты. 2026-жылдагы жылдык инфляция 6-7 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө, ал эми баштапкы 4 пайызга 2027-жылы кайтып келүү мерчемделген.
Мындай саясатты жактагандар да, сындагандар да бар, эки тараптыкы тең кайсы бир деңгээлде туура. Жактагандар акчанын баасы жогорулабаса инфляция көзөмөлдөн чыгып, рубль арзандап, бүтүндөй импорт кымбаттап кетмектигин айтып жатышат. Ал эми сындагандар өтө бийик коюм өлкө катуу муктаж болуп турган өнөр жай менен жеке тараптардын инвестициясын муунтуп жатканын белгилешүүдө. Жыйынтык мындай: Россия финансылык туруктуулугун сактап кала алды, бирок өсүү ыргагы басаңдап, 4-5 пайыздан 1 пайызга түшүп кетти.
Россиянын бюджети бюджеттик шарт-эреже менен иштейт. Ал төмөнкүдөй: кымбат мунайдан жыл сайын түшкөн кирешеге кошумча акча Улуттук бакубатчылык фондунда топтолуп, өлкө нефть арзаныраак болгон жылы чыгымды ошол каражаттын эсебинен жабат. 2026-жылдын августунда фонд 474 милларддан 13,195 триллион рублге чейин толукталды. Россиянын мамлекеттик карызы дүйнөлүк чен боюнча өтө төмөн бойдон калууда, андыктан өкмөттүн өлкө ичинде эле карыз ала туруу мүмкүнчүлүгү бар. Бюджеттин жүктөмү өсүп жатат. 2026-жылдын январь-августунда федералдык бюджеттин таңсыктыгы 5,8 триллион рублге жетти, бул — ИДПнын 1,6 пайызы. Башкача айтканда, 8 айдын ичинде дефицит боюнча жылдык план жабылды. Чыгым 14,7 пайыздан 31,7 триллионго өстү, мында мамлекеттик сатып алууларга баарынан көп акча жумшалган.
Кирешенин структурасы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Нефть жана газдын сатылышынан бюджетке түшкөн акчанын үлүшү 25тен 19 пайызга кыскарган, ал эми буга тиешеси жок тармактан түшкөн пайда бир жыл ичинде 18,1 пайызга жогорулаган. Башкача айтканда, бюджеттин мунайдан көз карандылыгы азайып, айлык, киреше салыгы менен өлкөнүн ички керектөөсүнө көбүрөөк байланууда. Салыгы менен карызы өсүп жатканына карабай 20 жыл мурун сырье гана бере алат деген мамлекет үчүн бул — чоң жылыш.
Өсүштү эмне шарттап жатат?
Башкы буюртмачы мамлекет болуп калды. Заводдор коргоо жана инфраструктура багытындагы келишимдердин негизинде баш көтөрбөй иштеп жатат, анын үстүнө мамлекет аванс төлөп бергендиктен ишканалар заказын бүткүчө эле акчасын алып турушту. Заводдор жумушчу жалдап, айлык акыны жогорулатты, эл ал акча менен дүкөн-базарга барып, натыйжада соода, жүк ташуу илгериледи. Бул механизмди убагында Жон Мейнарад Кейнс айткан эле: мамлекеттик чыгым суроо-талапты шарттайт, ал эми жеке сектор буга өндүрүш менен жооп берет. 2026-жылдын II кварталындагы сандар дал ушул картинаны бет алдыбызга тартууда. Чекене соода 7,2 пайызга өсүп, тамактануу жайлары — 6,2, жүк ташуу — 2,5, кайра иштетүү өнөр жайы — 2, маалымат жана байланыш 5,5 пайызга жогорулаган. Кен казуу, курулуш жана айыл чарба, тескерисинче, төмөндөп кеткен. Демек, экономиканы ички керектөөчү алдыга сүрөп, ал эми сырьелук тармактар артка тартары маалым болду.
Экиномиканын дагы бир кыймылдаткычы — импортту алмаштыруу. Батыш компаниялары өлкөдөн чыгып кеткенден кийин бошогон мейкиндикти россиялык өндүрүшчүлөр менен кытайлык жеткирүүчүлөр ээледи. Тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, айыл чарба машиналарын куруу, маалыматтык технологиялар өнүктү. Бирок бул өсүштү тизгиндеп турган бир нерсе бар, бул — адам ресурсу. Россияда жумушсуздук деңгээли 2,3 пайызды түзүп, тарыхый минимумга жакындады. Жумушчу үчүн бул жакшы жаңылык, анткени иш берүүчү айлык акыны көбөйтүүгө аргасыз болот. Ал эми экономика үчүн бул артка тартуучу көрсөткүч, ишкана иштей турган киши жок болсо өндүрүш көлөмүн көбөйтө албайт. Эмгек рыногун да болжолдоп болбойт: жумушсуздардын арасында 15-25 жаштагы жаштардын үлүшү 22 пайызды түзүүдө, ал эми жумуш издөө мөөнөтү 5,4 айга узарды. Мындан өсүштү мамлекеттик буюртма шарттап, жумушчу күчтүн жетишсиздигине барып такалат деген жыйынтык чыгарууга болот.
Бишкек эмне сабак алышы керек
Кыргызстан үчүн россиялык экономиканын мааниси күч. Россия өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги эң башкы соода өнөктөшү бойдон калууда, дал ушул мамлекеттеги эмгек мигранттарынан арбын акча которулат. Демек, рублдин курсу кыргызстандыктардын кирешесин түздөн-түз аныктайт: рубль туруктуу болсо, сомдун да куну жогору болот, алсыз болсо сом да баасын жоготот. Россиялык инфляция менен коюм Кыргызстанга ошол эле импорттун баасы жана мигранттардын тапканы менен жетет.
Мындан Кыргызстан үч сабак алышы керек. Биринчиси — резерв фонду жана аны толуктоо эрежеси. Мында алтын менен башка чийки заттардын сатылышынан түшкөн акчанын бир бөлүгүн кирешелүү жылы чогултуп коюу керек, жыл жакшы болбой калган маалда үстөк пайызы чоң болгон насыяга күнүбүз түшпөй, топтоп койгон каражатты пайдаланууга болот. Экинчиси — улуттук валюта менен эсептешүү. Кыргызстан менен Россия колдоно баштаган бул механизм Вашингтондо кабыл алынган чечимдерден көз карандылыкты азайтат. Үчүнчүсү жогорудагы экөөнөн да маанилүүрөөк: россиялык модель масштабга басым жасайт. Чоң өлкө импортту өзүнүн өндүрүшү менен алмаштыра алат, ал эми чакан экономиканын буга чамасы жетпейт. Андыктан Кыргызстан үчүн бирөөнүн моделин сиңиргенден көрө коңшулардын өндүрүшүнө аралашып, ири экспорттук компанияларды түптөө алда канча пайдалуу.
Россиялык экономика санкцияга төрт себептен улам туруштук берди: сырье Азияга экспорттоло баштады, рубль соода профицити жана акчанын тышка чыгарылышынын чектөөсү менен корголууда, бюджет резервдик фондго жана нефть менен газдан тышкаркы кирешеге таянып жатат, өндүрүштү мамлекет колдоодо. Мунун баары жылына бир пайыздык өсүштү камсыздап келет. Бир да өлкө мындай кысымга чыдай алмак эмес, эбак артка кетмек. Мындан улам Россиянын экономикасы кыйрайт деген жөн гана сөз бойдон калууда.