https://sputnik.kg/20260928/vengriyanyn-premeri-kol-tiybestik-makamynan-azhyrady-1103949855.html
Венгриянын өкмөт башчысы Мадьяр кол тийбестик макамынан ажырады
Венгриянын өкмөт башчысы Мадьяр кол тийбестик макамынан ажырады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Венгриянын парламенти премьер-министр Петер Мадьярдын бирөөнүн чөнтөк телефонун колунан жулуп алып, жок кылып салганы үчүн кол... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T15:57+0600
2026-09-28T15:57+0600
2026-09-28T15:57+0600
дүйнөдө
венгрия
петер мадьяр
кол тийбестик
кылмыш
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101971796_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_011b2c6594ff5852e67e9b8041eab84e.jpg
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Венгриянын парламенти премьер-министр Петер Мадьярдын бирөөнүн чөнтөк телефонун колунан жулуп алып, жок кылып салганы үчүн кол тийбестик макамынан ажыратты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Отурумга катышкан 139 депутаттын бардыгы жогорудагы бүтүмгө макул болушкан. Ал эми Фидес жана Христиандык-демократиялык элдик партиянын өкүлдөрү буга макул эместигин билдирип, залдан чыгып кеткен. Телефон боюнча чырдын төркүнү тууралуу маалымат берилди. 2024-жылы келечектеги премьер Будапешттеги көңүл ачуучу жайлардын биринде ошол жерде эс алып жүргөндөрдүн бири менен жаакташа кетет. Ал киши саясатчыны мобилдик телефонуна тарта баштаганда, Мадьяр колунан жулуп алат. Кийин аппаратты Дунай дарыясына ыргытып жиберет. "Каарман" анда Европарламентке депутат кези экенин, тартип сакчылардын сурамын аталган парламент канааттандырбаганын айтышты. Кийин Венгрияда 2026-жылы депутат болгондо прокуратура иликтөөнү жандандырыш үчүн саясатчыны кол тийбестиктен ажыратууга аттанып түшкөн. Мадьяр өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен макамдан ажыроого каршы эместигин билдирген. Ал эми кылмыш иш ага карата атайылап токулган деген пикирин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20260914/orban-madyardyn-okmotuno-karshy-chygaryn-aytty--1103646740.html
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101971796_342:0:3071:2047_1920x0_80_0_0_fe364dd75f00bcf4a8db61e277f28ddb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, венгрия, петер мадьяр , кол тийбестик, кылмыш
дүйнөдө, венгрия, петер мадьяр , кол тийбестик, кылмыш
Венгриянын өкмөт башчысы Мадьяр кол тийбестик макамынан ажырады
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Венгриянын парламенти премьер-министр Петер Мадьярдын бирөөнүн чөнтөк телефонун колунан жулуп алып, жок кылып салганы үчүн кол тийбестик макамынан ажыратты. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Отурумга катышкан 139 депутаттын бардыгы жогорудагы бүтүмгө макул болушкан. Ал эми Фидес жана Христиандык-демократиялык элдик партиянын өкүлдөрү буга макул эместигин билдирип, залдан чыгып кеткен.
Телефон боюнча чырдын төркүнү тууралуу маалымат берилди. 2024-жылы келечектеги премьер Будапешттеги көңүл ачуучу жайлардын биринде ошол жерде эс алып жүргөндөрдүн бири менен жаакташа кетет. Ал киши саясатчыны мобилдик телефонуна тарта баштаганда, Мадьяр колунан жулуп алат. Кийин аппаратты Дунай дарыясына ыргытып жиберет. "Каарман" анда Европарламентке депутат кези экенин, тартип сакчылардын сурамын аталган парламент канааттандырбаганын айтышты. Кийин Венгрияда 2026-жылы депутат болгондо прокуратура иликтөөнү жандандырыш үчүн саясатчыны кол тийбестиктен ажыратууга аттанып түшкөн.
Мадьяр өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен макамдан ажыроого каршы эместигин билдирген. Ал эми кылмыш иш ага карата атайылап токулган деген пикирин кошумчалаган.