https://sputnik.kg/20260914/orban-madyardyn-okmotuno-karshy-chygaryn-aytty--1103646740.html
"Бүлүндүрө баштады". Орбан Мадьярдын өкмөтүнө каршы күрөшкө чыгарын айтты
"Бүлүндүрө баштады". Орбан Мадьярдын өкмөтүнө каршы күрөшкө чыгарын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбан азыркы өкмөт башчы Петер Мадьярга каршы саясий күрөш жүргүзүү үчүн саясий айдыңга... 14.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-14T09:40+0600
2026-09-14T09:40+0600
2026-09-14T09:45+0600
дүйнөдө
будапешт
виктор орбан
евробиримдик
петер мадьяр
саясат
кармаш
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/07/1068716027_0:0:3078:1731_1920x0_80_0_0_44ece8b97ebfd9f7a78716504fe45a1a.jpg
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбан азыркы өкмөт башчы Петер Мадьярга каршы саясий күрөш жүргүзүү үчүн саясий айдыңга келерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Экс-премьердин айтымында, өлкөдөгү оңчул күчтөр Венгриянын эгемен бойдон калышын каалап, ал эми "Тиса" партиясынын өкмөтү мамлекетти Евробиримдиктин колониясына айлантууну көздөөдө. Ал Россия республика үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон энергоресурстарды ташуу жаатындагы кызматташтыкты белгилеген. Ошентсе да анын европачыл багыты антироссиялык санкцияларга кескин каршы чыгып, Москва менен тыгыз экономикалык алака түзгөн Орбандын саясатынан түп-тамырынан бери айырмаланат. Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Россияны таасирдүү держава деп атап, Украинага мурдагыдай эле курал жөнөтпөй турганын ырастаган. Ошол эле учурда Коргоо министрлигинин башчысы Ромулуш Русин-Сенди Будапешттин стратегиялык кызыкчылыгы Батыш альянсынын позициясына толук дал келерин жана өлкө мындан ары Москва "эшигин жаба турганын" билдирди.
https://sputnik.kg/20260701/orban-biylikke-kaytyp-kelishi-mumkun--1102167586.html
будапешт
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/07/1068716027_347:0:3078:2048_1920x0_80_0_0_fcc70e63379596c2e73a6a4d444d3595.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, будапешт, виктор орбан, евробиримдик, петер мадьяр , саясат, кармаш
дүйнөдө, будапешт, виктор орбан, евробиримдик, петер мадьяр , саясат, кармаш
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбан азыркы өкмөт башчы Петер Мадьярга каршы саясий күрөш жүргүзүү үчүн саясий айдыңга келерин айтты. Бул туурасында
РИА Новости жазды. "Биз чыдамкай элбиз. Беш айдан ашык мезгил өттү. Этап аяктады. Эми бүттү. Мындай кыла берүүгө болбойт. Улуттук каршылык көрсөтүүнүн учуру келди", — деген Кетче шаарында сүйлөп жатып.
Экс-премьердин айтымында, өлкөдөгү оңчул күчтөр Венгриянын эгемен бойдон калышын каалап, ал эми "Тиса" партиясынын өкмөтү мамлекетти Евробиримдиктин колониясына айлантууну көздөөдө.
"Баскынчынын аты — Брюссель. Биз мээнеттенип венгрлердин өзүнө кайтарган экономиканы "Тиса" кайрадан чет элдиктердин колуна салып берет. Алар: энергетика, банк, телекоммуникация тармактары. Акча өлкөдөн сыртка агып баштайт. Алар Венгриянын ири компанияларын бүлүндүрүп, баарын бөтөндөрдүн энчисине өткөрүп беришет", — деп экс-премьер эскерткен.
Ал Россия республика үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон энергоресурстарды ташуу жаатындагы кызматташтыкты белгилеген. Ошентсе да анын европачыл багыты антироссиялык санкцияларга кескин каршы чыгып, Москва менен тыгыз экономикалык алака түзгөн Орбандын саясатынан түп-тамырынан бери айырмаланат.
Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Россияны таасирдүү держава деп атап, Украинага мурдагыдай эле курал жөнөтпөй турганын ырастаган. Ошол эле учурда Коргоо министрлигинин башчысы Ромулуш Русин-Сенди Будапешттин стратегиялык кызыкчылыгы Батыш альянсынын позициясына толук дал келерин жана өлкө мындан ары Москва "эшигин жаба турганын" билдирди.