https://sputnik.kg/20260927/borbor-aziya-tuuraluu-kolumnistika-1103934575.html
Дөө-шаалардын талашында Борбор Азия оюн талаасына айланбашы керек. Ой толгоо
Дөө-шаалардын талашында Борбор Азия оюн талаасына айланбашы керек. Ой толгоо
Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия дүйнөлүк державалардын көңүлүн барган сайын өзүнө бурууда. Колумнист бул жагдайды аймактын кызыкчылыгы үчүн кандайча пайдаланууга болору тууралуу... 27.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-27T19:02+0600
2026-09-27T19:02+0600
2026-09-27T19:02+0600
дүйнөдө
борбор азия
евразия
батыш
экономика
саясат
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103877557_0:0:1536:864_1920x0_80_0_0_c6c77fcdc5e12b292febff341b4d4280.png
16-сентябрда өткөн "Борбордук Азия — Түштүк Корея" саммитин тарыхый окуя деп айта албасак да регион үчүн маанилүү иш-чара дей алабыз. Мындай форматтагы дипломатиялык платформалар АКШ, Кытай, Индия, Япония, Евробиримдик, керек болсо айрым европалык мамлекеттер менен өзүнчө да түзүлгөн. Борбор Азия республикалары КМШ, ШКУ, ЕАЭБ менен бирге эле Кытай менен чогуу "Бир алкак — бир жол" долбооруна, Евробиримдик түптөгөн Global Gateway сыяктуу демилгелерге байма-бай катышып келет. Мындан тышкары, эки тараптуу алакалар да күн өткөн сайын бекемделип жатат.Кыргызстандын БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы алдыга карай чоң кадам деп сыпатталууда. Республика үчүн макулдугун 142 мамлекет берди, ал эми чектен өтүүгө 127 добуш жетиштүү болмок. Азыр бул жагдай кадыресе көрүнүштөй сезилет, деген менен кечээ жакында эле айрым алдыңкы мамлекеттер бизди көп этибарга албай келгени жашыруун эмес.Түпкүрдөн маанилүү аймаккаАк үйдүн кожоюндары Казакстан менен Афганстанды алмаштырып, америкалык мамлекеттик катчылар "Кырзахстан" тууралуу айткан күндөрдөн бери анчалык деле көп убакыт өтө элек. Булар үчүн Борбор Азия дүйнөнүн өнүкпөй калган алыскы чегиндей, Афганстандын оккупациясын кармап туруу үчүн, Россия, Кытай жана Иранга каршы "оюндарда" гана колдонулчу аймак эле.Албетте, мезгилдин өтүшү менен көз караш өзгөрмөк. Ааламда атаандаштык күчөп жаткан маалда алдыңкы державалар маанилүү региондордо ордун бекемдеп, ресурстарга жетүүгө мүмкүнчүлүк алып, транспорттук-логистикалык артерияларды көзөмөлдөөгө жан үрөп жатышат. Евразиялык континеттин чок ортосунда жайгашкан Борбор Азия бул талаптын баарына жооп берет.Биринчиден, регион дүйнөлүк экономикалык, илимий-техникалык өнүгүүнүн сап башында келе жаткан Чыгыш Азия жана Европа мамлекеттеринин ортосунда көпүрө сыяктуу. Буга өнүгүп келе жаткан Индия, Россия жана Жакынкы Чыгыш башында турган Түштүк Азияны кошууга болот. Аталган аймактын баары тигил же бул деңгээлде биздин регион менен байланышта.Экинчиден, Борбордук Азия эбегейсиз кен запасына, анын ичинде, технологиялык өнүгүүгө керектүү ресурска ээ. Сейрек кездешүүчү металлдар, жез, вольфрам, литий, уран, сурьма сыяктуу "өтө маанилүү минералдар" абдан көп. БУУ Конференциясынын соода жана өнүгүү боюнча эксперттеринин эсебинде 2040-жылга карата литийге дүйнөлүк суроо-талап 2024-жылга салыштырмалуу 353 пайызга, сейрек кездешүүчү металлдарга 65 пайызга өсүп, ал эми жездин керектөөсү 28 пайызга жогорулай турганы айтылган.Биринчи мөөнөтүндө Борбор Азия тууралуу маалыматы чектелүү экенин көрсөткөн АКШ президенти Дональд Трамптын ушу тапта региондун маани-маңызын баса белгилеп жатышынын себеби дал ушунда.Сөзгө караганда жасалган иш алда канча таасирдүү эмеспи. Трамптын балдарына тиешелүү компания Казакстандагы вольфрам казган долбоорго кирди. Ал эми Түштүк Кавказдагы "Трамптын коридору" америкалык бийликтин планы боюнча Транскаспий каттамына кошулуп, Борбор Азияга эшик ачып бермекчи.Аймак ичиндеги интеграцияРегиондун оозго алынышы мүмкүнчүлүктөр менен бирге тобокелдиктерди да шарттайт. Кооптуулуктардан аймак өз алдынчалуулугун сактап гана оолак боло алчудай. Башкача айтканда, артыкчылыктуу багыттарды өз алдыбызча аныктап, пайдасы жок долбоорлордон баш тартууну, дегеле тең ата сүйлөшкөндү үйрөнүшүбүз керек. Жалгыздап буга жетүү дээрлик мүмкүн эмес, андыктан Борбор Азия башка мамлекеттер менен алакалашуусун улантып эле ички процесстер менен интеграцияны тереңдетүүсү зарыл."Күчүбүз — биримдикте" деген айтыла калган кооз сөз эмес. Борбор Азия калкынын саны 85 миллиондон ашат, бул — эли боюнча алдыңкы 20 мамлекеттин ичине кирген ири өлкөгө барабар көрсөткүч. Кылым ортосунда региондун калкынын саны 100 миллионду басып өтөрү күтүлүп жатат. Бул ИДПга да тиешелүү. Өз-өзүбүзчө биз 49-орундан (Казакстан) тарта 136-орунга (Тажикстан) чейин ээлейбиз. Ал эми жалпылай келгенде, регион экономикасынын көлөмү 570 миллиард долларга жетип (Норвегия, БАЭ, Вьетнам же Таиланддан көп), аймакты 27-28-орунга чыгарат. Анын үстүнө экономикалык өсүш (6,5%) орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн (3%) бир топ жогору.Жумушчу күч, кен ресурсу, айыл чарбасы, энергетика жана башка тармактагы ири потенциал биздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү арттырат.Акыркы он жылдыкта региондогу беш мамлекеттин жакындашуусунда чоң жылыш бар. 2018-жылдан бери өлкө башчылары жыл сайын консультациялык жолугушууларды өткөрүп келишет. Бул формат сүйлөшүүдөн институционалдык мүнөзгө ээ болуп бара жатат. 2023-жылы өткөн саммиттин жыйынтыгы менен Консультациялык жолугушуулардын улуттук координаторлорунун кеңеши түзүлүп, биринчи жыйыны былтыр Ташкентте өттү. Эксперттик жолугушуулар, парламенттер аралык кызматташуу, министрликтер менен ведомстволордун деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр байма-бай өтүп жатат.Көп тараптуу кызматташуунун негизин өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн 2025-2027-жылдарга карата планы жана "Борбор Азия — 2040" аталышындагы аймактык кооперацияны өнүктүрүү концепциясы түзөт. Өзгөчөлүгү — региондун дүйнөлүк аренага бир күч болуп чыгышын шарттаган орток келечекти пландоо. "Борбор Азия — 2040" концепциясында регионалдык транспорттук хаб түзүү каралган, бул товардын кармалышын 30 пайызга азайтып, өз ара сооданы 2035-жылга чейин 20 миллиард долларга жеткирүүгө жол ачат.Аймак ичинде сооданын өсүшү — жакындашуунун маанилүү аспектилеринин бири. Акыркы беш жылда бул көрсөткүч эки эсе көбөйүп, 12,3 миллиард долларга жетти. Бирок жалпы сооданын көлөмү 200 миллиардга жакын экенин эске алсак, жасай турган ишибиз көп экени даана көрүнөт. Борбор Азиянын өзгөчө алдуу экономикалары тышкы рынокко басым жасап жатат. Азыркы тапта Казакстандын соодадагы үлүшү болгону 7 пайыз болсо, Өзбекстандыкы 11 пайыз. Камбар-Ата ГЭСи сыяктуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу регионалдык интеграциянын кыймылдаткычы болуп калышы толук ыктымал.Евразия туруктуулугунун формуласыАлбетте, маселе экономикалык кирешеде эле эмес. Мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, региондун өз алдынчалуулугун бекемдеп мамлекеттер тышкы дүйнө менен ишенимдүү диалог түзө алат. Державалардын баары эле тең ата жана сый-урматка негизделген алаканы каалабай турган чакта мунун мааниси абдан чоң.АКШ менен Европа биримдиги Россия, Кытай жана Ирандын Борбор Азиядагы таасирин азайтууну көздөй турганын жашырбайт. Жергиликтүү компанияларга санкция киргизилип, мунун өзү Батыш сунуштап жаткан транспорттук каттамдардын жана башка долбоорлордун майнаптуулугунан күмөн жаратат. Айтор, баягы эле региондун ички талабы менен коопсуздугун эсепке албастан өз кызыкчылыгын илгерилетүү аракети.Албетте, бул Борбор Азия аталган багыттагы байланыштарынын баарын чорт үзүшү керек дегендикке жатпайт. Негизи эле тышкы дүйнө менен мамиленин башкы критерийин болочоктогу пайда менен зыяндын тең салмактуулугун сактоо түзөт эмеспи. Андыктан Батыш менен, башка аймактар менен кызматташууда бардык жагын дыкат карап, этият болуу керек.Артыкчылык биздин регион тээ алыстагы белгисиз бир аймак болгон тараптарга эмес, Борбор Азиянын өнүккөн, туруктуу болушуна чындап кызыкдар тараптарга берилгени туура болот. Анткени бизде чыккан көйгөйлөр аларга да кедергисин тийгизет. Мына ушул себептен ошол эле Россия же Кытай, биргелешкен ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу уюмдар кирди-чыкты мамилеге эмес, узак мөөнөттүү кызматташууга багытталган. Буга өзөктүк энергетика, транспорт, кайра иштетүү өнөр жай тармактары мисал. Ал жактагылар Борбор Азия жөн гана өнөктөш эмес, география, тарых тартуулаган коңшу экенин жакшы түшүнүшөт. Жакын коңшу ыраак туугандан өйдө, жалгыздан көрө биргелешип кадам таштоо менен алда канча көп нерсеге жетишүүгө болот. Кубаттуу, көз карандысыз, өзүнүн кызыкчылыгын кылдат түшүнгөн Борбордук Азия жалпы континенттин саясий жана экономикалык туруктуулугуна кызмат кылат.
https://sputnik.kg/20260918/shku-sammitinin-zhyjyntygy-1103733224.html
борбор азия
евразия
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103877557_69:0:1434:1024_1920x0_80_0_0_d8f46fc8aa03cc6d0beb404424aeeba4.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, борбор азия, евразия, батыш, экономика, саясат
дүйнөдө, борбор азия, евразия, батыш, экономика, саясат
Дөө-шаалардын талашында Борбор Азия оюн талаасына айланбашы керек. Ой толгоо
Борбор Азия дүйнөлүк державалардын көңүлүн барган сайын өзүнө бурууда. Колумнист бул жагдайды аймактын кызыкчылыгы үчүн кандайча пайдаланууга болору тууралуу ой жүгүрткөн.
16-сентябрда өткөн "Борбордук Азия — Түштүк Корея" саммитин тарыхый окуя деп айта албасак да регион үчүн маанилүү иш-чара дей алабыз. Мындай форматтагы дипломатиялык платформалар АКШ, Кытай, Индия, Япония, Евробиримдик, керек болсо айрым европалык мамлекеттер менен өзүнчө да түзүлгөн. Борбор Азия республикалары КМШ, ШКУ, ЕАЭБ менен бирге эле Кытай менен чогуу "Бир алкак — бир жол" долбооруна, Евробиримдик түптөгөн Global Gateway сыяктуу демилгелерге байма-бай катышып келет. Мындан тышкары, эки тараптуу алакалар да күн өткөн сайын бекемделип жатат.
Кыргызстандын БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы алдыга карай чоң кадам деп сыпатталууда. Республика үчүн макулдугун 142 мамлекет берди, ал эми чектен өтүүгө 127 добуш жетиштүү болмок. Азыр бул жагдай кадыресе көрүнүштөй сезилет, деген менен кечээ жакында эле айрым алдыңкы мамлекеттер бизди көп этибарга албай келгени жашыруун эмес.
Түпкүрдөн маанилүү аймакка
Ак үйдүн кожоюндары Казакстан менен Афганстанды алмаштырып, америкалык мамлекеттик катчылар "Кырзахстан" тууралуу айткан күндөрдөн бери анчалык деле көп убакыт өтө элек. Булар үчүн Борбор Азия дүйнөнүн өнүкпөй калган алыскы чегиндей, Афганстандын оккупациясын кармап туруу үчүн, Россия, Кытай жана Иранга каршы "оюндарда" гана колдонулчу аймак эле.
Албетте, мезгилдин өтүшү менен көз караш өзгөрмөк. Ааламда атаандаштык күчөп жаткан маалда алдыңкы державалар маанилүү региондордо ордун бекемдеп, ресурстарга жетүүгө мүмкүнчүлүк алып, транспорттук-логистикалык артерияларды көзөмөлдөөгө жан үрөп жатышат. Евразиялык континеттин чок ортосунда жайгашкан Борбор Азия бул талаптын баарына жооп берет.
Биринчиден, регион дүйнөлүк экономикалык, илимий-техникалык өнүгүүнүн сап башында келе жаткан Чыгыш Азия жана Европа мамлекеттеринин ортосунда көпүрө сыяктуу. Буга өнүгүп келе жаткан Индия, Россия жана Жакынкы Чыгыш башында турган Түштүк Азияны кошууга болот. Аталган аймактын баары тигил же бул деңгээлде биздин регион менен байланышта.
Экинчиден, Борбордук Азия эбегейсиз кен запасына, анын ичинде, технологиялык өнүгүүгө керектүү ресурска ээ. Сейрек кездешүүчү металлдар, жез, вольфрам, литий, уран, сурьма сыяктуу "өтө маанилүү минералдар" абдан көп. БУУ Конференциясынын соода жана өнүгүү боюнча эксперттеринин эсебинде 2040-жылга карата литийге дүйнөлүк суроо-талап 2024-жылга салыштырмалуу 353 пайызга, сейрек кездешүүчү металлдарга 65 пайызга өсүп, ал эми жездин керектөөсү 28 пайызга жогорулай турганы айтылган.
Биринчи мөөнөтүндө Борбор Азия тууралуу маалыматы чектелүү экенин көрсөткөн АКШ президенти Дональд Трамптын ушу тапта региондун маани-маңызын баса белгилеп жатышынын себеби дал ушунда.
"Бул өлкөлөр качандыр бир кезде байыркы Жибек Жолунун боюнда жайгашып, Чыгыш менен Батышты байланыштырып келген. Даңазасы арткан, ажайып тарых. Бүгүнкү күндө Евразиянын жүрөгүндө жайгашышы Борбор Азиянын маанисин арттырып, мүмкүнчүлүгүн кеңейтет", — деген Трамп былтыркы жолугушууда.
Сөзгө караганда жасалган иш алда канча таасирдүү эмеспи. Трамптын балдарына тиешелүү компания Казакстандагы вольфрам казган долбоорго кирди. Ал эми Түштүк Кавказдагы "Трамптын коридору" америкалык бийликтин планы боюнча Транскаспий каттамына кошулуп, Борбор Азияга эшик ачып бермекчи.
Аймак ичиндеги интеграция
Региондун оозго алынышы мүмкүнчүлүктөр менен бирге тобокелдиктерди да шарттайт. Кооптуулуктардан аймак өз алдынчалуулугун сактап гана оолак боло алчудай. Башкача айтканда, артыкчылыктуу багыттарды өз алдыбызча аныктап, пайдасы жок долбоорлордон баш тартууну, дегеле тең ата сүйлөшкөндү үйрөнүшүбүз керек. Жалгыздап буга жетүү дээрлик мүмкүн эмес, андыктан Борбор Азия башка мамлекеттер менен алакалашуусун улантып эле ички процесстер менен интеграцияны тереңдетүүсү зарыл.
"Күчүбүз — биримдикте" деген айтыла калган кооз сөз эмес. Борбор Азия калкынын саны 85 миллиондон ашат, бул — эли боюнча алдыңкы 20 мамлекеттин ичине кирген ири өлкөгө барабар көрсөткүч. Кылым ортосунда региондун калкынын саны 100 миллионду басып өтөрү күтүлүп жатат. Бул ИДПга да тиешелүү. Өз-өзүбүзчө биз 49-орундан (Казакстан) тарта 136-орунга (Тажикстан) чейин ээлейбиз. Ал эми жалпылай келгенде, регион экономикасынын көлөмү 570 миллиард долларга жетип (Норвегия, БАЭ, Вьетнам же Таиланддан көп), аймакты 27-28-орунга чыгарат. Анын үстүнө экономикалык өсүш (6,5%) орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн (3%) бир топ жогору.
Жумушчу күч, кен ресурсу, айыл чарбасы, энергетика жана башка тармактагы ири потенциал биздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү арттырат.
Акыркы он жылдыкта региондогу беш мамлекеттин жакындашуусунда чоң жылыш бар. 2018-жылдан бери өлкө башчылары жыл сайын консультациялык жолугушууларды өткөрүп келишет. Бул формат сүйлөшүүдөн институционалдык мүнөзгө ээ болуп бара жатат. 2023-жылы өткөн саммиттин жыйынтыгы менен Консультациялык жолугушуулардын улуттук координаторлорунун кеңеши түзүлүп, биринчи жыйыны былтыр Ташкентте өттү. Эксперттик жолугушуулар, парламенттер аралык кызматташуу, министрликтер менен ведомстволордун деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр байма-бай өтүп жатат.
Көп тараптуу кызматташуунун негизин өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн 2025-2027-жылдарга карата планы жана "Борбор Азия — 2040" аталышындагы аймактык кооперацияны өнүктүрүү концепциясы түзөт. Өзгөчөлүгү — региондун дүйнөлүк аренага бир күч болуп чыгышын шарттаган орток келечекти пландоо. "Борбор Азия — 2040" концепциясында регионалдык транспорттук хаб түзүү каралган, бул товардын кармалышын 30 пайызга азайтып, өз ара сооданы 2035-жылга чейин 20 миллиард долларга жеткирүүгө жол ачат.
Аймак ичинде сооданын өсүшү — жакындашуунун маанилүү аспектилеринин бири. Акыркы беш жылда бул көрсөткүч эки эсе көбөйүп, 12,3 миллиард долларга жетти. Бирок жалпы сооданын көлөмү 200 миллиардга жакын экенин эске алсак, жасай турган ишибиз көп экени даана көрүнөт. Борбор Азиянын өзгөчө алдуу экономикалары тышкы рынокко басым жасап жатат. Азыркы тапта Казакстандын соодадагы үлүшү болгону 7 пайыз болсо, Өзбекстандыкы 11 пайыз. Камбар-Ата ГЭСи сыяктуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу регионалдык интеграциянын кыймылдаткычы болуп калышы толук ыктымал.
Евразия туруктуулугунун формуласы
Албетте, маселе экономикалык кирешеде эле эмес. Мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, региондун өз алдынчалуулугун бекемдеп мамлекеттер тышкы дүйнө менен ишенимдүү диалог түзө алат. Державалардын баары эле тең ата жана сый-урматка негизделген алаканы каалабай турган чакта мунун мааниси абдан чоң.
АКШ менен Европа биримдиги Россия, Кытай жана Ирандын Борбор Азиядагы таасирин азайтууну көздөй турганын жашырбайт. Жергиликтүү компанияларга санкция киргизилип, мунун өзү Батыш сунуштап жаткан транспорттук каттамдардын жана башка долбоорлордун майнаптуулугунан күмөн жаратат. Айтор, баягы эле региондун ички талабы менен коопсуздугун эсепке албастан өз кызыкчылыгын илгерилетүү аракети.
Албетте, бул Борбор Азия аталган багыттагы байланыштарынын баарын чорт үзүшү керек дегендикке жатпайт. Негизи эле тышкы дүйнө менен мамиленин башкы критерийин болочоктогу пайда менен зыяндын тең салмактуулугун сактоо түзөт эмеспи. Андыктан Батыш менен, башка аймактар менен кызматташууда бардык жагын дыкат карап, этият болуу керек.
Артыкчылык биздин регион тээ алыстагы белгисиз бир аймак болгон тараптарга эмес, Борбор Азиянын өнүккөн, туруктуу болушуна чындап кызыкдар тараптарга берилгени туура болот. Анткени бизде чыккан көйгөйлөр аларга да кедергисин тийгизет. Мына ушул себептен ошол эле Россия же Кытай, биргелешкен ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу уюмдар кирди-чыкты мамилеге эмес, узак мөөнөттүү кызматташууга багытталган. Буга өзөктүк энергетика, транспорт, кайра иштетүү өнөр жай тармактары мисал. Ал жактагылар Борбор Азия жөн гана өнөктөш эмес, география, тарых тартуулаган коңшу экенин жакшы түшүнүшөт. Жакын коңшу ыраак туугандан өйдө, жалгыздан көрө биргелешип кадам таштоо менен алда канча көп нерсеге жетишүүгө болот. Кубаттуу, көз карандысыз, өзүнүн кызыкчылыгын кылдат түшүнгөн Борбордук Азия жалпы континенттин саясий жана экономикалык туруктуулугуна кызмат кылат.