https://sputnik.kg/20260922/zhurnalistterdin-boykotunan-kiyin-trump-tv-kanalyn-achyshty--1103820547.html
Журналисттердин бойкотунан кийин Ак үй TRUMP TV каналын ачууда
Журналисттердин бойкотунан кийин Ак үй TRUMP TV каналын ачууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Америкадагы бир катар белдүү ЖМКлар АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясына бойкот жарыялагандан кийин Ак үй TRUMP TV... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T10:25+0600
2026-09-22T10:25+0600
2026-09-22T10:25+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
телеканал
жмк
журналисттер
тилектештик
https://sputnik.kg/img/07e9/08/06/1095724366_284:576:2901:2048_1920x0_80_0_0_271965f99c0a784c2f61f96ac504fdfa.jpg
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Америкадагы бир катар белдүү ЖМКлар АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясына бойкот жарыялагандан кийин Ак үй TRUMP TV телеканалын ачууга киришти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ак үйдүн YouTube каналында TRUMP TV: The Essentials Station ("Трамп ТВ: Маанилүү жаңылыктар") деген берүү пландалган. Түз эфир дүйшөмбү саат 19:00гө (Бишкек убактысы 5:00) пландалганы жазылган. Түз эфир башталардын алдында Ак үйдүн X социалдык тармагындагы расмий баракчасында жасалма интеллектинин жардамы менен жасалган видеоролик жарыяланган. Анда спутник антеннасынын сүрөтү түшүрүлгөн ак түстөгү телеканалдын фургону Ак үйдүн короосуна кирип баратканын көрүүгө болот. Буга чейин Трамп CNN, MS NOW (мурдагы MSNBC) телеканалдарынын жана Politico басылмасынын журналисттерин "жалган жаңылыктарды" таратты деп айыптап, алардын президенттик резиденциянын аймагына кирбей турганын жар салган. Буга ЖМКлар унчукпай калган жок. Алар Ак үйдүн журналисттеринин кесиптик бирикмелери жана бир катар телеканалдар администрацияны АКШ Конституциясындагы сөз эркиндиги тууралуу биринчи түзөтүүнү бузду деп айыптады. Трамп катышкан иш-чараларды чагылдыруудан баш тартарын билдиришти. Нааразылык билдиргендердин катарына Трампка жан тарткан Fox News, ошондой эле ABC, CBS жана NBC телеканалдары да кошулду. Бул бойкотко New York Times жана Washington Post сыяктуу алдыңкы басылмалар да катышып, кесиптештерине тилектештик иретинде Трамп катышкан расмий кадрларды жана материалдарды жарыялоодон баш тартышты.
https://sputnik.kg/20260910/tramp-egerde-respublikachylar-zhense-akcha-tarataryn-aytty-1103564994.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/06/1095724366_369:227:2796:2048_1920x0_80_0_0_0e65a2272e983e3bc1461c65dd1eb980.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, телеканал, жмк, журналисттер, тилектештик
дүйнөдө, акш, дональд трамп, телеканал, жмк, журналисттер, тилектештик
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Америкадагы бир катар белдүү ЖМКлар АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясына бойкот жарыялагандан кийин Ак үй TRUMP TV телеканалын ачууга киришти. Бул туурасында
РИА Новости жазды. Ак үйдүн YouTube каналында TRUMP TV: The Essentials Station ("Трамп ТВ: Маанилүү жаңылыктар") деген берүү пландалган. Түз эфир дүйшөмбү саат 19:00гө (Бишкек убактысы 5:00) пландалганы жазылган.
"Трамптын администрациясындагы негизги жаңылыктарды бир жерден көрүңүздөр. Эң мыкты видеолор, маанилүү кайрылуулар жана урунттуу учурлар 24/7 форматында күнү-түнү берилип, дароо жаңырып турат. Маалымат алып, биз менен бирге болуңуздар!" — деп жазылган анда.
Түз эфир башталардын алдында Ак үйдүн X социалдык тармагындагы расмий баракчасында жасалма интеллектинин жардамы менен жасалган видеоролик жарыяланган. Анда спутник антеннасынын сүрөтү түшүрүлгөн ак түстөгү телеканалдын фургону Ак үйдүн короосуна кирип баратканын көрүүгө болот.
Буга чейин Трамп CNN, MS NOW (мурдагы MSNBC) телеканалдарынын жана Politico басылмасынын журналисттерин "жалган жаңылыктарды" таратты деп айыптап, алардын президенттик резиденциянын аймагына кирбей турганын жар салган.
Буга ЖМКлар унчукпай калган жок. Алар Ак үйдүн журналисттеринин кесиптик бирикмелери жана бир катар телеканалдар администрацияны АКШ Конституциясындагы сөз эркиндиги тууралуу биринчи түзөтүүнү бузду деп айыптады. Трамп катышкан иш-чараларды чагылдыруудан баш тартарын билдиришти. Нааразылык билдиргендердин катарына Трампка жан тарткан Fox News, ошондой эле ABC, CBS жана NBC телеканалдары да кошулду.
Бул бойкотко New York Times жана Washington Post сыяктуу алдыңкы басылмалар да катышып, кесиптештерине тилектештик иретинде Трамп катышкан расмий кадрларды жана материалдарды жарыялоодон баш тартышты.