https://sputnik.kg/20260814/ukraina-port-ehkonomika-1102978248.html
ЖМК: портторунун бөгөттөлүшү Украинанын экономикасын бүк түшүрөт
ЖМК: портторунун бөгөттөлүшү Украинанын экономикасын бүк түшүрөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Порт логистикасындагы көйгөйдөн улам Украинанын айыл чарба тармагы чоң жоготууга учуроо алдында турат. Бул тууралуу Reuters жазды. 14.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-14T09:26+0600
2026-08-14T09:26+0600
2026-08-14T09:37+0600
дүйнөдө
украина
экономика
кара деңиз
порт
блокада
айыл чарба
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0d/1064365798_0:159:3079:1890_1920x0_80_0_0_90718811f30491d7ddbea9c2ac8fbbb3.jpg
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Порт логистикасындагы көйгөйдөн улам Украинанын айыл чарба тармагы чоң жоготууга учуроо алдында турат. Бул тууралуу Reuters жазды. Макалада быйыл түшүм жакшы болгонуна карабастан фермерлер продукциясын сата албай турганы айтылат. Мындай жагдай кийинки жылы айдап-себүү иштерине чоң кедергисин тийгизет. Украин фермеринин бири абалды өтө начар деп баалаган. Басылманын маалыматы боюнча, украин өкмөтү бүгүнкү күндө абалды жөнгө салууга дараметсиз, ал эми буга чейин айтылып жасала турган аракеттер маселени чече албайт. "Айыл чарбасы Украинанын экспорттон түшкөн кирешесинин 60 пайызын түзөт, блокада ансыз да араң турган экономикага кошумча күч келтирет", — деп айтылат макалада. Өлкөнүн агрардык саясат боюнча министри Тарас Высоцкий 23-июлда кемелер украин портторуна кирбей калганын, кыймыл кеме ээлеринин чечими менен токтогонун билдирген. Августтун башында өлкөнүн Эл аралык экспедиторлор ассоциациясы Кара деңиздеги порттордун бөгөттөлүшүнөн улам украин-поляк чек арасында транспорттук коллапс жаралганын кабарлаган болчу. Польшага чыгуу үчүн кезектеги 6,5 миңдей жүк ташуучу унаа жети суткадан бери турганы айтылган. Агрардык саясат министрлиги ушул айда Украинанын айыл чарба продукциясынын экспорту порттордогу кыйынчылыктан улам 2026-2027-жылдары эки эсеге кыскарышы мүмкүн экенин билдирген.
https://sputnik.kg/20260813/zelenskiy-patriot-uchun-almashat-1102965947.html
украина
кара деңиз
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0d/1064365798_173:0:2904:2048_1920x0_80_0_0_3581aecafdca8b25fe1aaa89c1bdfa04.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, экономика, кара деңиз, порт, блокада, айыл чарба
дүйнөдө, украина, экономика, кара деңиз, порт, блокада, айыл чарба
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Порт логистикасындагы көйгөйдөн улам Украинанын айыл чарба тармагы чоң жоготууга учуроо алдында турат. Бул тууралуу Reuters жазды.
Макалада быйыл түшүм жакшы болгонуна карабастан фермерлер продукциясын сата албай турганы айтылат. Мындай жагдай кийинки жылы айдап-себүү иштерине чоң кедергисин тийгизет. Украин фермеринин бири абалды өтө начар деп баалаган.
"Эгер Украина бүгүн эгин талааларын даярдабаса, немецтер менен поляктарга керек болгон рапс айдабаса, күздүк эгин экпесе бир жылдан кийин чыныгы азык-түлүк каатчылыгына дуушар болот", — деген Харьков облусундагы айыл чарба ишканасынын директору Феликс Федоров.
Басылманын маалыматы боюнча, украин өкмөтү бүгүнкү күндө абалды жөнгө салууга дараметсиз, ал эми буга чейин айтылып жасала турган аракеттер маселени чече албайт.
"Айыл чарбасы Украинанын экспорттон түшкөн кирешесинин 60 пайызын түзөт, блокада ансыз да араң турган экономикага кошумча күч келтирет", — деп айтылат макалада.
Өлкөнүн агрардык саясат боюнча министри Тарас Высоцкий 23-июлда кемелер украин портторуна кирбей калганын, кыймыл кеме ээлеринин чечими менен токтогонун билдирген. Августтун башында өлкөнүн Эл аралык экспедиторлор ассоциациясы Кара деңиздеги порттордун бөгөттөлүшүнөн улам украин-поляк чек арасында транспорттук коллапс жаралганын кабарлаган болчу. Польшага чыгуу үчүн кезектеги 6,5 миңдей жүк ташуучу унаа жети суткадан бери турганы айтылган.
Агрардык саясат министрлиги ушул айда Украинанын айыл чарба продукциясынын экспорту порттордогу кыйынчылыктан улам 2026-2027-жылдары эки эсеге кыскарышы мүмкүн экенин билдирген.