00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Ежедневные новости
16:30
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Салык мыйзамында эмне өзгөрдү? Экономика министрлигинин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСалык кодекси. Архив
Салык кодекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров 6-августта салык салуу жана салыктык эмес кирешелер боюнча өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамга кол койду. Экономика министрлигинин Салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башкы адиси Махмуд Жарашбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна документтеги негизги учурларды түшүндүрдү.
Негизги өзгөртүүлөр төмөнкүдөй:
Коомдук тамактануу жайлары. Бишкек, Ош шаарларында бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн формасына карабастан 5%, башка аймактарда 3% болду.
Сауна жана мончолор. Бирдиктүү салыктын ставкасы 8%дан 5ке төмөндөтүлдү.
Салык карызын төлөө мөөнөтү. Текшерүүдөн кийин кошумча эсептелген салыктарды, туум жана санкцияларды өз ыктыяры менен төлөө мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылды. Жеңилдик текшерүүнүн жыйынтыгына даттанбаган салык төлөөчүлөргө берилет.
Көмүр казган ишкерлер. 2026-жылдын 1-январына чейин эсептелген туум жана салыктык санкциялар негизги карыз 2026-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнсө эсептен чыгарылат.
QR-код жана мобилдик төлөмдөр. 2026-жылы QR-код, мобилдик тиркеме, электрондук капчык жана башка төлөө каражаттары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар накталай эмес төлөм катары таанылат.
Транзакция салыгы. Кыргызстандагы эсептердин ортосунда жүргүзүлгөн ички которууларга транзакция салыгы салынбайт. Банктар салык агенти катары отчетту ар айдан кийинки айдын 20сына чейин тапшырат. Салык төлөөчү өзүнчө отчет бербейт.
Салыктык эмес төлөмдөр. Доонун эскирүү мөөнөтү алты жыл деп белгиленди. Мөөнөт аяктагандан кийин кайтарылбай калган ашыкча төлөм жана туумдар бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.
Алтын жана күмүш өндүргөн ишканалар. Баалуу металлдарды казган же кенди кайра иштеткен ишканалар үчүн киреше салыгынын жогорулатуучу ставкалары эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен аныкталат.
Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2026
1-сентябрдан тарта үч товарга ЭТТК колдонуу токтотулат
Жаңылыктар түрмөгү
0