https://sputnik.kg/20260724/1102589736.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы көп жылдык жемиштүү кызматташтыкты жогору баалайт, ошондой эле уюмга азыркы төрагалыкты анын... 24.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-24T13:00+0600
2026-07-24T13:00+0600
2026-07-24T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/18/1102589570_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_872a05d6209481c88ded8ef85470bcec.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы көп жылдык жемиштүү кызматташтыкты жогору баалайт, ошондой эле уюмга азыркы төрагалыкты анын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары чыңдоого багытталган жоопкерчиликтүү жана ардактуу миссия катары карайт. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын ачып жатып билдирди. Анын айтымында, акыркы 25 жыл ичинде ШКУ калыптануу жана өнүгүү жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишип, тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара ишенимди чыңдоодо маанилүү роль ойногон кадыр-барктуу эл аралык уюмга айланды. "Кыргызстандын төрагалыгынын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге" деген темасы уюмдун өнүгүүсүнүн азыркы этабынын тарыхый маанисин гана эмес, келечекте ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган стратегиялык багытын да чагылдырат", — деди Кулубаев.
ИИМ жыл башынан бери 450 чет элдик өлкөдөн чыгарылганын билдирди “Мындан тышкары, 7900дөн ашык чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы 65 млн сомдон ашык айып пул салынган. Дагы 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Чет өлкөлүктөрдү жумушка тарткан айрым уюмдарга да мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айып салынган”, — деп айтылат Бишкек шаардык милициясы. Милиция акыркы күндөрү 12 курулуш компаниясында 1500дөн ашык чет өлкөлүк жарандын катышуусунда түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Ошто баласын сабаган киши аныкталып, милицияга жеткирилди Социалдык тармакта наристеге карата зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тарап, андагы эркек киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Видео 23-июль күнү жарыяланган. Маалымат түшөөрү менен факт Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө окуяга катышкандар Ош шаарынын 36 жаштагы Т. Ж. (баланын атасы), 30 жаштагы Д. А. (жубайы) жана алардын алты жашар М. У. аттуу уулу экени аныкталган. Милициядан белгилешкендей, видео соцтармакка жакында эле чыкканы менен, окуя өзү 2023-жылдын 22-декабрында тартылганы такталган. Учурда жубайлар бирге жашабайт. Аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Американын сунушуна каршы чыкты. Кеп АКШ тарабынан тоңдурулган Ирандын акчасын Ормуз кысыгындагы блокададан зыян тарткандарга берип салуу демилгеси жөнүндө болуп жатат. Аракчи муну өтө коркунучтуу көрүнүш деп эсептейт. “Бул акчаны алам деп сүйүнгөндөр жакшылап ойлонсун. Эгер мамлекеттер бирөөнүн мүлкүн тартып алууну көнүмүш адат кылып алышса, кийин эч кимдин байлыгы же мүлкү корголбой калат”, — деп жазды Аракчи X баракчасына. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Ормуз кысыгын жаап (блокадага алып) койгонуна байланыштуу, ал жерден өтө албай зыян тарткан кемелерге жана жүктөргө компенсация төлөп берүүнү сунуштаган. Бирок ал акчаны АКШ өз чөнтөгүнөн чыгарбай, мурда бөгөттөп койгон Ирандын акчасынан алып берүүнү пландап жатат. “Зыян абдан чоң болушу мүмкүн, бирок бул адилеттүү жана туура чечим болот”, — деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына.
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы көп жылдык жемиштүү кызматташтыкты жогору баалайт, ошондой эле уюмга азыркы төрагалыкты анын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары чыңдоого багытталган жоопкерчиликтүү жана ардактуу миссия катары карайт. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын ачып жатып билдирди. Анын айтымында, акыркы 25 жыл ичинде ШКУ калыптануу жана өнүгүү жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишип, тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара ишенимди чыңдоодо маанилүү роль ойногон кадыр-барктуу эл аралык уюмга айланды. "Кыргызстандын төрагалыгынын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге" деген темасы уюмдун өнүгүүсүнүн азыркы этабынын тарыхый маанисин гана эмес, келечекте ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган стратегиялык багытын да чагылдырат", — деди Кулубаев. ИИМ жыл башынан бери 450 чет элдик өлкөдөн чыгарылганын билдирди “Мындан тышкары, 7900дөн ашык чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы 65 млн сомдон ашык айып пул салынган. Дагы 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Чет өлкөлүктөрдү жумушка тарткан айрым уюмдарга да мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айып салынган”, — деп айтылат Бишкек шаардык милициясы. Милиция акыркы күндөрү 12 курулуш компаниясында 1500дөн ашык чет өлкөлүк жарандын катышуусунда түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.Ошто баласын сабаган киши аныкталып, милицияга жеткирилди Социалдык тармакта наристеге карата зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тарап, андагы эркек киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Видео 23-июль күнү жарыяланган. Маалымат түшөөрү менен факт Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө окуяга катышкандар Ош шаарынын 36 жаштагы Т. Ж. (баланын атасы), 30 жаштагы Д. А. (жубайы) жана алардын алты жашар М. У. аттуу уулу экени аныкталган. Милициядан белгилешкендей, видео соцтармакка жакында эле чыкканы менен, окуя өзү 2023-жылдын 22-декабрында тартылганы такталган. Учурда жубайлар бирге жашабайт. Аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан.Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Американын сунушуна каршы чыкты. Кеп АКШ тарабынан тоңдурулган Ирандын акчасын Ормуз кысыгындагы блокададан зыян тарткандарга берип салуу демилгеси жөнүндө болуп жатат. Аракчи муну өтө коркунучтуу көрүнүш деп эсептейт. “Бул акчаны алам деп сүйүнгөндөр жакшылап ойлонсун. Эгер мамлекеттер бирөөнүн мүлкүн тартып алууну көнүмүш адат кылып алышса, кийин эч кимдин байлыгы же мүлкү корголбой калат”, — деп жазды Аракчи X баракчасына. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Ормуз кысыгын жаап (блокадага алып) койгонуна байланыштуу, ал жерден өтө албай зыян тарткан кемелерге жана жүктөргө компенсация төлөп берүүнү сунуштаган. Бирок ал акчаны АКШ өз чөнтөгүнөн чыгарбай, мурда бөгөттөп койгон Ирандын акчасынан алып берүүнү пландап жатат. “Зыян абдан чоң болушу мүмкүн, бирок бул адилеттүү жана туура чечим болот”, — деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/18/1102589570_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_23dd24fecb5a9bf2ef51861e8fca5764.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио