https://sputnik.kg/20260723/ai-95-kymbattayby-1102562768.html
Эшатов: АИ-95 дагы кымбатташы мүмкүн, сырттан алып келүү жолдорун да карап жатабыз
Эшатов: АИ-95 дагы кымбатташы мүмкүн, сырттан алып келүү жолдорун да карап жатабыз
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Өлкөдө АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндердин баасы мындан да кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер... 23.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-23T12:02+0600
2026-07-23T12:02+0600
2026-07-23T12:04+0600
кыргызстан
бензин
баа
канат эшатов
күйүүчү май
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095748962_0:236:3020:1935_1920x0_80_0_0_9129edb1d3eb0f48e2f9fc4faac84e0b.jpg
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Өлкөдө АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндердин баасы мындан да кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Sputnik агенттигине Канат Эшатов билдирди. Ал буга чейин премиум класстагы бензин жетишсиз болуп келгенин, бирок азыр анын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле ал баалар боюнча так божомол берилбей турганын, АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндин баасы рынокко жараша өзгөрөрүн айтты. Ал эми АИ-92 бензини жана дизелдик отун боюнча да дүң баалар өсүп жатканын, бирок мамлекет эң жогорку бааларды белгилеп, жеткирүүчүлөргө субсидия берип жатканын белгиледи. Мындан сырткары, жеткирүүлөр толугу менен мурдагы баа боюнча калыбына келсе, бензиндин баасы кайра төмөндөйбү же азыркы кымбаттоо кайтарылгыс болуп калабы деген суроо узаттык. "Эгер баалар жетиштүү деңгээлде төмөндөсө, албетте, кайра түшүшү мүмкүн", — деп Зшатов жооп берди.
https://sputnik.kg/20260722/amangeldiyevdin-mayegi-1102545893.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095748962_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_468c97ebf923a88abfe8b1be08418c15.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бензин, баа, канат эшатов, күйүүчү май
кыргызстан, бензин, баа, канат эшатов, күйүүчү май
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Өлкөдө АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндердин баасы мындан да кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Sputnik агенттигине Канат Эшатов билдирди.
Ал буга чейин премиум класстагы бензин жетишсиз болуп келгенин, бирок азыр анын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи.
"Бул кымбат бензин, анткени анын дүң баасы жогору. Биздин компаниялар мунай өндүргөн бардык өлкөлөрдөн издеп жатышат, бирок сунуштар барган сайын азайып жатат", — деди Эшатов.
Ошондой эле ал баалар боюнча так божомол берилбей турганын, АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндин баасы рынокко жараша өзгөрөрүн айтты.
Ал эми АИ-92 бензини жана дизелдик отун боюнча да дүң баалар өсүп жатканын, бирок мамлекет эң жогорку бааларды белгилеп, жеткирүүчүлөргө субсидия берип жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, жеткирүүлөр толугу менен мурдагы баа боюнча калыбына келсе, бензиндин баасы кайра төмөндөйбү же азыркы кымбаттоо кайтарылгыс болуп калабы деген суроо узаттык.
"Эгер баалар жетиштүү деңгээлде төмөндөсө, албетте, кайра түшүшү мүмкүн", — деп Зшатов жооп берди.