https://sputnik.kg/20260722/amangeldiyevdin-mayegi-1102545893.html
Амангелдиев: мамлекет бааны көзөмөлдөбөсө, АИ-92 бензини 114 сом болмок
Амангелдиев: мамлекет бааны көзөмөлдөбөсө, АИ-92 бензини 114 сом болмок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Мамлекет бааны жөнгө салбаса, АИ-92 бензини 114, дизель 148 сомго чейин чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин... 22.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-22T15:49+0600
2026-07-22T15:49+0600
2026-07-22T15:49+0600
кыргызстан
бензин
күйүүчү май
данияр амангелдиев
баа
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101351702_1:0:3640:2047_1920x0_80_0_0_787a98e2fe6b2b663b8a415ab4782f84.jpg
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Мамлекет бааны жөнгө салбаса, АИ-92 бензини 114, дизель 148 сомго чейин чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 24.kg басылмасына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өкмөт ички рынокту жыл аягына чейин күйүүчү май менен камсыздоону көздөөдө. Бирок анын акыркы баасы дүйнөлүк рыноктогу наркка жана жаңы келишимдердин шартына жараша болот. Амангелдиевдин маегиндеги урунттуу учурлар:
https://sputnik.kg/20260721/kyrgyzstan-benzindi-belarustan-ala-bashtady-1102520395.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101351702_496:0:3225:2047_1920x0_80_0_0_6967da7a7379e2b6c1d91416b5857034.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бензин, күйүүчү май, данияр амангелдиев, баа
кыргызстан, бензин, күйүүчү май, данияр амангелдиев, баа
Амангелдиев: мамлекет бааны көзөмөлдөбөсө, АИ-92 бензини 114 сом болмок
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Мамлекет бааны жөнгө салбаса, АИ-92 бензини 114, дизель 148 сомго чейин чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 24.kg басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, өкмөт ички рынокту жыл аягына чейин күйүүчү май менен камсыздоону көздөөдө. Бирок анын акыркы баасы дүйнөлүк рыноктогу наркка жана жаңы келишимдердин шартына жараша болот.
Амангелдиевдин маегиндеги урунттуу учурлар:
Россия жакынкы бир-эки айда күйүүчү май боюнча абал татаал бойдон каларын эскерткен, бирок кийинчерээк өз милдеттенмелерин аткармакчы. Ошол эле учурда өкмөт ички рынокто тартыштыкка жол бербөө үчүн күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн кымбат болсо да сатып алууга даяр;
Кыргызстан Россия менен ата мекендик мунай иштетүүчү заводдор үчүн 200 миң тоннага чейин мунайды жеңилдетилген шартта жеткирүү маселесин талкуулап жатат. Ошондой эле Казакстан менен мазут жеткирүү боюнча макулдашуу болгон;
Мамлекет АИ-92 майы менен дизелдин баасын жөнгө салат. Ал эми АИ-95 базар баасы боюнча сатылганы менен наркын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт;
Өкмөт ошондой эле Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын запасы мурдагы 2-3 жумадан 1,5 айга чейин көбөйгөнүн билдирди.