00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ачык кеп
Бир жумушчу аары өмүрүндө бир чай кашыктай бал чогултат. Аарычылыктын дагы кандай сырлары бар?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Саман үйдө жайгашкан Жогорку сотту имараттуу кылган. Абдыкасым Супатаевди эскерүү

© Фото / Из личного архива Гульбары УметовойКыргызстандын сот системасын түптөөчүлөрүнүн бири Абдыкасым Супатаев жубайы Чүрөк менен
Кыргызстандын сот системасын түптөөчүлөрүнүн бири Абдыкасым Супатаев жубайы Чүрөк менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2026
Жазылуу
Кыргызстандын сот системасынын калыптанышына өмүрүн арнаган инсандардын бири — Абдыкасым Супатаев. Ал өз доорунун көрүнүктүү юристи, мамлекеттик ишмери гана болбостон, мыйзамдуулукту бекемдөөгө, сот адилеттигин өнүктүрүүгө зор салым кошкон жетекчи катары эскерилет.
Абдыкасым Супатаев ар кайсы жылдары СССРдин Жогорку сотунда жана Кыргыз ССРинин Жогорку сотунда жооптуу кызматтарды аркалап, сот системасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелерди ишке ашырган. Анын жетекчилиги астында сот органдарынын ишмердигин жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана бирдиктүү сот практикасын калыптандыруу багытында олуттуу иштер жүргүзүлгөн.
"Туяк" программасына Абдыкасым Супатаевдин өмүр жолу, ишмердиги, сот тармагына кошкон салымы тууралуу маек курдук. Мейманыбыз каарманыбыздын келини Гүлбара Уметова болду.
— Быйыл шаардык соттун имаратында Абдыкасым Супатаевдин бюсту орнотулду. Кимдин демилгеси менен ишке ашты?
© Фото / Нурайым РысмамбетоваАбдыкасым Супатаевдин келини Гүлбара Уметова
Гульбара Уметова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2026
Абдыкасым Супатаевдин келини Гүлбара Уметова
— 1967-1974-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун төрагасы болгон. Ага чейин, 1946-жылы, Москвадан атайын келген комиссия сот системасынан квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга кадр издеп, Абдыкасым Супатаевди жактырышат. Борбордук компартиянын алдына жана Москвадагы Жогорку соттун мүчөлүгүнө, ошондой эле коллегиянын мүчөлүгүнө анын талапкерлиги коюлган. Ал киши Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы болуп иштеп турган экен, талапкерлиги жактырылып, Москвадагы Жогорку сотто 21 жыл иштейт.
Ошол учурда СССР Жогорку сотуна 76 киши мүчө болсо, кыскарып отуруп 13ү гана калат, арасында Супатаев да бар. Ал кылмыш иштери боюнча Орто Азияны, Казакстанды жана Кавказды караган. Ошол кезде 1937-жылдагы курман болгондорду реабилитациялоо иштеринин башында турган. Бул оңой иш эмес эле.
Ошондо журналисттер "Жогорку сотто 13 киши болсо, анын бири украин, бири кыргыз, калгандары орус" деп жазышчу. Бул киши мыйзамды мыкты билгендиги, билимдүүлүгү, тактыгы, принциптүүлүгү менен бардык сыноолордон өтүп, Кыргызстанды даңазалап иштеген. Андан кийин Кыргызстанда Жогорку сотто жети жыл иштеди.
1967-жылы Кыргызстанга келгенде биздин Жогорку сот самандан тургузулган кичинекей эле тамда жайгашкан экен. Бир чоң бөлмөсү сот отуруму өтүүчү жай болсо, калган бөлмөлөрүндө экиден сот отурчу экен. Абдыкасым Супатаевич келгенден кийин документтерин көтөрүп Москвага барып, каражат бөлдүрүп, азыркы шаардык соттун имаратын курдурган. Курулуш иши жүрүп жатканда өзүнө ак сарай салдырып жаткандай сүйүнгөн. Азандан кечке чейин курулушчулар менен чогуу жүрүп, бүт дитин коюп, жан дили менен аракет кылып курдурган. Имарат бүткөндө бизди алып барып, кабинетинде бир аппаратты басса, сот отурумун көрүүгө болорун көрсөтүп, абдан кубанганы эсимде.
1972-жылы борбордогу сот системасы саман тамдан ошол жаркыраган имаратка көчтү. Облустук соттор да начар имараттарда турушчу. Алардын да материалдык базасын жакшыртууга аябай жардам бергенин ушул кезге чейин айтышат.
Кесиптештери да "Абдыкасым Супатаевич абдан таза, так, мыйзамды сыйлаган киши болчу. Учурунда да, кийин да артынан бир жаман сөз ээрчиген жок. Ал кишини карап сыймыктанчубуз" деп эскеришет.
— Ошол себептен шаардык соттун имаратына ал кишинин бюсту орнотулган экен да...
— Ооба. Архивди каздырып изилдетсек, Кыргызстан эмес, Союзга кирген өлкөлөрдүн ичинде СССРдин Жогорку сотунда 21 жыл иштеген адам жок экен. Бул ушундай легендалуу киши. Жогорку соттун коллегиясынын мүчөсү жана кылмыш иштери боюнча төрага болуп турган. Ал өлкөдөгү сот системасын негиздеген инсандардын бири.
— Эми бала чагына кайрылсак...
— Бул киши Жети-Өгүздөгү Кытай айылында төрөлгөн. Ата-энеси ошол айылда жашаган, манаптар экен. Атасы да эл ичиндеги талаштуу маселелерди чечкен ошол замандын соту болгон экен. Абдыкасым Супатаев мектепти бүткөндөн кийин документтерин көтөрүп барып, сотко катчы, жардамчы болуп иштеп баштайт. Кийин сот болуп, Көлдөн Алайга, Нарынга ротацияланып, төраганын жардамчысы, кийин төрага болот. Кызыгы, соттун бир-эки жылдык окуусун окуганы менен жогорку билими болгон эмес. Ошентип кийин Москвага тандалып окуп, СССРдин Жогорку сотунда иштеп калып жатпайбы.
— Ал кезде үй-бүлөлүү болчу да?
— Ооба, уулу бир жашка чыкканда кетишкен. Москвадан эки кыздуу болушат. Кийин дагы бир кыздуу болушту. Азыр балдары Москвада. Төрт баласын тең катуу тарбиялаган. Эркелетип, чалчактаткан эмес. Антүүгө ашыкча акчасы да жок болчу, айлыктан айлыкка жашачу. Балдары жакшы окушту. Уулу да юрист. СССРдин Илимдер академиясынын алдындагы Укук институтунда иштеп, Россиянын сот системасына көп эмгек жасады. Ошол баласы студент кезинде кошумча жумуш катары от жаккыч болуп иштеп, акча тапчу. Балдарын Неберелеринин бири Эсен Ломоносов атындагы университеттин философия факультетин бүтүрдү, ал эми Тимур — юрист.
© Фото / Из личного архива Гульбары УметовойАбдыкасым Супатаев үй-бүлөсү менен
Один из основоположников судебной системы Кыргызстана Абдыкасым Супатаев с семьей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2026
Абдыкасым Супатаев үй-бүлөсү менен
— Сиздин жолдошуңуз кайниси болсо да аны уулундай карап чоңойтуп, окутуп, кам көргөн экен.
— Ооба, Абдыкасым Супатаевичтин жубайы Чүрөк эженин атасы согушта каза болуп, балдардын баары жетим калат. Анан менин жолдошум Жумабайды багып алышкан. Кийин кайненесин да колуна алып, баары бир үй-бүлөдөй жашап калышат.
Жолдошум бала кезинен эле сүрөткө шыктуу болчу. Кагаз жок болсо да борду алып эле ар кайсы жерге тартып жүрө берчү экен. Аны көргөн жездеси "бул бала окушу керек" деп Москвага кеткенде кошо ала кетип, Суриков атындагы сүрөтчүлөрдүн орто окуу жайына документтерин өткөрөт. Бирок булар октябрда баргандыктан кеч болуп калып, албай коет. Абалды түшүндүрсө да эч көнүшпөйт. Ошентип мектептен чыгып баратып депутаттыкка талапкер аялдын илинип турган сүрөтүн көрүп, акырын үйгө алып келип жездеси Жумабайга тарттырат. Анда жолдошум 4-классты бүткөн бала экен.
Эртеси ошол сүрөттү депутаттыкка ат салышкан аялга алып барып берип, абалын түшүндүрөт. Ал баланын талантын жактырып, сүрөт мектебине чалып, суранып окууга алдырткан экен. Мектеп толук мамлекеттин камкордугундагы таланттуу балдардын интернаты болчу. Жолдошум ошол окуу жайды бүтүп, кийин эл сүрөтчүсү, Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, бир канча алтын медалдарды жана баш байгелерди алды. Абдыкасым Супатаев ошентип кыргыздын бир баласынын талантын ачууга себепкер болгон.
— Мүнөзү кандай эле?
— Жакын досторунун бири Абдулхай Алдашев деген болгон. Ал киши абдан сөзмөр, Кыргызстан аксакалдарынын төрагасы, кесиби боюнча ветеринар эле. Төрөбай Кулатов менен куда болушкан. Супатаевдин кызы менен Кулатовдун уулу экөө өздөрү эле табышып алышкан. Аталары балдарынын арты менен катышып калышат. Достор жолукканда Абдыкасым Супатаев көпчүлүктүн көңүл чордонунда болор эле. Дүйнө таанымы кенен, абдан сөзмөр киши болчу. Ушундай залкар адамдар үйгө чогулганда келин катары чай куюп берип, көп жакшы кептерин угуп калдым. Бул да болсо менин бактым болсо керек.
Анан төркүндөрүм келсе, мени абдан мактап "уулума да ушундай келин буюрса экен" деп калчу. Жаш экенмин, аны угуп абдан сүйүнүп, көтөрүлүп калар элем. Көрсө, кыраакы киши тура, бир эсе баркымды да көтөрүп турчу экен.
Өзү спортко жакын адам болчу. Кайсы мезгил, кандай аба ырайы болбосун, эртең менен саат 6да туруп, стадионго жөө келип, аны 10 жолу айланып чуркап, ошол жүгүргөн бойдон үйгө келип жуунуп, тамактанып алып, кайра жөө жумушка жөнөчү. Ушул адатын өмүр бою калтырган жок. 84 жашында каза болду. Ошого чейин спорт менен жашады. Бизге ушул жагынан үлгү болду. Бирок бирибиз да ал кишини акырына чейин туурай албадык.
— Көзүнүн тирүүсүндө эмгеги бааландыбы?
— Ал кезде сот системасына сыйлык чанда берилчү. Ошентсе да СССРдин Жогорку сотунун төрагасы Александр Горкин бир нече ирет Кыргызстанга Супатаевге эмгек сиңирген юрист наамын берүү боюнча кат жолдогон. Ошол каттары азыркыга чейин бар. "Болбосо биз берели" деп сунуштама сураса, бул жактагылар жибербей коюшкан. Бирок Кыргызстандын сыйлыктарын алды.
— Демек, бул кишиге деле куугунтук болгон экен да...
— Ооба, өмүрүнүн акырында болду. Бирок сыйлыкка, наамдарга эч кейиген жок. Ал киши ишин абдан сүйчү. Федор Тайгин менен "Кыргызстандын сот системасынын тарыхы" деген китеп жазышкан. Абдыкасым Супатаев Жогорку соттун алдында мыйзамдарды анализдөөчү комиссия түзүп, мыйзамдар эл аралык нормаларга туура келер-келбесин анализдеп, бир топ өзгөртүү, толуктоолорду киргизген. Кыргызстандын сот системасын иретке келтирген. Бир топ шакирттерди тарбиялады. Супатаевдин кадрлары кийин Конституция жазган.
— Сиздин эмгек жолуңузда да өрнөк болсо керек?
— Ооба, бул кишилер Москвадан көчүп келгенде мен тамак-аш өнөр жай министринин орун басары болчумун. Ошондо 29-30 жашта элем. Бул киши ишиме киришкен жок. Мен да кадырын пайдаланган жокмун. Өзү да абдан таза иштеген, чынчыл адам эле. Жубайы Чүрөк эже өтө акылдуу, жакшы киши болчу. Москвага алгач барганда абдан кыйналышыптыр. "Кетсекпи" деген да сөз болгон го. Ошондо эже "жок, атайын ишеним көрсөтүп жатса, акырына чейин чыдайбыз" деп жөлөк болуп, зыңкыйып ысык-суугун көтөргөн. Ошол кездеги интеллигенция Чүрөк эженин тазалыгын, адамгерчилигин, кыйындыгын жакшы билишчү. Керек болсо Усубалиевдин жубайы да сыйлачу. Мен да Чүрөк эжеден көп жакшы нерселерди алдым.
— Өмүрүнүн акырын эскерип берсеңиз...
— Жолдошум Жумабай экөө абдан жакын болчу. Экөөнүн сөзү да, ою да бир эле. Абдан ынак болушчу. Жолдошум 1995-жылы декабрда инфаркттан каза болуп калды. Анан эле Абдыкасым Супатаевич эч кандай оорусу жок, жүгүрүп жүрүп эле эки айдан кийин көз жумду. Жумабай кайтыш болгондо кабыргасы кайышып, бир жагы эңшерилгендей абдан капа болуп ыйлады. Баласындай жакшы көрчү. Экөө кеңешип, сырдашып, акылдашып турушчу. Каза болор күнү небереси Эсен капысынан эле үйүнө барып калган экен. Барса, жаман болуп жатыптыр. Ошентип кете берген экен.
Кыргыз эл жазуучусу, акын, прозаик, сынчы, публицист жана котормочу Самсак Станалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2026
Жалгыз уулу чарчап, туулган айылы суу алдында калган... Самсак Станалиевди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0