00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Эхо дня
Холодная война и горячее рукопожатие — история стыковки «Союза» и «Аполлона» в 1975 году
12:51
9 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу үрөн – азык-түлүк коопсуздугунун негизи: “Үрөнчүлүк жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ички иштер министрлиги чет элдик жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлоого чакырат Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстан салттуу түрдө туристтик, эмгек, билим алуу жана башка максаттарда келген чет элдик жарандарды кабыл алган ачык жана меймандос өлкө бойдон калууда. Ошол эле учурда, өлкөнүн аймагында болуу республиканын мыйзамдарын милдеттүү түрдө сактоону, анын салттарына, коомдук тартибине жана белгиленген эрежелерге урматтоо менен мамиле кылууну талап кылат. "Милиция кызматкерлери ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, миграциялык мыйзамдардын талаптары, өлкөдө болуу эрежелери жөнүндө маалымдап, ошондой эле коомдук тартипти, миграциялык ченемдерди жана мыйзамдын башка талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертишет", - деп айтылат маалыматта.
Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда эмгек миграциясы жана адистерди даярдоо маселелери боюнча жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоо, чет өлкөлөрдө ишке орношкон жарандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана адистердин даярдык деңгээлин баалоо боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эмгек миграциясы, адистерди даярдоо жана квалификацияны таануу багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюшту. Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, ага Россиянын жумуш берүүчүлөрүнүн, кадрлар жана жеке жумушка орноштуруу агенттиктеринин, "Улуттук ширетүүнү контролдоо агенттигинин", Россия өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин, ошондой эле Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Каракол мамлекеттик жаратылыш паркына караштуу Аюу-Төр капчыгайында жер көчкү түшүп, Каракол дарыясынын нугун бөгөп, агымын өзгөрткөн. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдирди.Маалымдалгандай, натыйжада дарыя чарбалык ички жолду жууп кетип, капчыгайдын жогорку бөлүгүнө баруучу жол убактылуу жабылды. Мындан улам капчыгайдын өйдө жагында жүргөн 40 турист жана 35 жергиликтүү тургун ылдый түшө албай калган. Алар ошол аймактагы туристтик базада түнөшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
АКШнын Россияга салган санкциялары боюнча мыйзам долбоорунун жаңыланган вариантында РФтин мунайы менен газын эң көп сатып алган беш өлкө үчүн бажы алымынын эң жогорку чегин 500 пайыздан 100 пайызга чейин төмөндөтүү каралган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги тиешелүү документтерди карап чыгып жазды.Баштапкы мыйзам долбоорунда РФтин мунайы менен жаратылыш газын сатып алган үчүнчү өлкөлөр үчүн 500 пайыздык кошумча бажы алымдарын киргизүү сунушталган эле.Мыйзам долбоорунун жаңы вариантында бажы алымынын эң жогорку чегин 100 пайызга чейин төмөндөтүү жана аны Россиянын энергия ресурстарын эң көп сатып алган беш өлкөгө карата колдонуу сунушталууда. Бул эреже, Вашингтондун айтымында, санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүп жаткан алдыңкы беш өлкөгө да тиешелүү болот.Ошол эле учурда документте РФтин көгүлтүр отун сатып алуучулар үчүн жеңилдиктер каралганы айтылат. Эгерде кайсы бир өлкөнүн Россиядан алган газы жылдык көлөм менен эсептегенде 15 пайыздан аз болсо жана аз сатып алуу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап жатса, анда ошол өлкө бажы салыгын төлөбөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0