https://sputnik.kg/20260701/1102166500.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Чолпон-Атадагы кеңешмеде жергиликтүү бийлик... 01.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-01T09:00+0600
2026-07-01T09:00+0600
2026-07-01T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/01/1102166334_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0360baa8fd5a4befdac0e42e1c30b76b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Чолпон-Атадагы кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдарынын ишин кескин сынга алып, башкаруу тутумунда олуттуу реформалар башталганын жарыялады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Нарын жана Ош облустарына болгон иш сапарларында элдин арыз-муңун жеке өзү укканын эске салды. Анын айтымында, калк көтөргөн көйгөйлөрдүн 80-90 пайызы борборго жеткирбей эле жеринде чечиле турган маселелер болуп чыккан. “Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система бүтүшү керек! Бир маселени айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Ар бир жетекчи өз аймагындагы маселени өзү чечкен система түзүлүшү кажет”, — деп билдирди Жапаров. Президент аткаминерлерди бюрократиядан арылып, заманбап онлайн байланыш каражаттарын, социалдык тармактарды жигердүү колдонуп, эл менен тыгыз иштешүүнү талап кылды. Ошондой эле жыл аягына чейин бул багыттагы чаралардын натыйжалуулугу бааланып, жыйынтык чыгарыла турганын кошумчалады.
Кыргызстанда мектептик билим берүү 12 жылдык системага расмий өттү. Министрлер кабинети тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизип, окуу түзүмүн 6+3+3 форматына ылайык кайра бекитти. Мында алгачкы 6 жыл башталгыч билим берүү баскычы болсо, негизги (7-8-9-класс) жана жогорку (10-11-12-класс) баскычтар үч жылдан болот. Ошондой эле окуу жылы 1-класстар үчүн 32 жума, 2-класстар үчүн 33 жума, ал эми калган класстар үчүн 34 жумага созулат. Окуу жылынын ичиндеги каникулдардын жалпы узактыгы 30 күндөн, ал эми жайкы каникул 14 жумадан кем болбошу керек. Мындан тышкары, балдарды 5 же 6 күндүк тартип менен окутууга уруксат берилди. Учкунда басылган окуу китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2026
29-июнда, жай мезгилиндеги электр энергиясын керектөө боюнча рекорд коюлуп, бир күндө 47 миллион 112 миң киловатт-саат пайдаланылган. Бул туурасында Энергетика министрлигинен кабарлашты. Былтыркыга салыштырсак, 2025-жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 миллион кВт-сааттын тегерегинде болгон. "Улуттук электр тармагы" керектөөнүн өсүшүнө көп кабаттуу үйлөрдүн салынышы, социалдык жана өндүрүш объектилеринин ишке берилиши жана абоненттердин санынын жыл сайын орточо 30 миңге көбөйүшү себеп болгонун жазды. Мекеме жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр санаты" эл аралык музыка фестивалы өтөт. Бул туурасында аталган иш-чаранын координатору Айнура Темирбекова билдирди. Музыка майрамы 2-5-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Рух-Ордо" комплексинде болмокчу. "Көчмөндөр санатына" 30дан ашык өлкөдөн кесипкөй музыканттардын келери күтүлүүдө", — деди Темирбекова Эске салсак, Кыргызстан бул сапар уюштуруп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтмөкчү.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Чолпон-Атадагы кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдарынын ишин кескин сынга алып, башкаруу тутумунда олуттуу реформалар башталганын жарыялады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Нарын жана Ош облустарына болгон иш сапарларында элдин арыз-муңун жеке өзү укканын эске салды. Анын айтымында, калк көтөргөн көйгөйлөрдүн 80-90 пайызы борборго жеткирбей эле жеринде чечиле турган маселелер болуп чыккан. “Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система бүтүшү керек! Бир маселени айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Ар бир жетекчи өз аймагындагы маселени өзү чечкен система түзүлүшү кажет”, — деп билдирди Жапаров. Президент аткаминерлерди бюрократиядан арылып, заманбап онлайн байланыш каражаттарын, социалдык тармактарды жигердүү колдонуп, эл менен тыгыз иштешүүнү талап кылды. Ошондой эле жыл аягына чейин бул багыттагы чаралардын натыйжалуулугу бааланып, жыйынтык чыгарыла турганын кошумчалады.Кыргызстанда мектептик билим берүү 12 жылдык системага расмий өттү. Министрлер кабинети тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизип, окуу түзүмүн 6+3+3 форматына ылайык кайра бекитти. Мында алгачкы 6 жыл башталгыч билим берүү баскычы болсо, негизги (7-8-9-класс) жана жогорку (10-11-12-класс) баскычтар үч жылдан болот. Ошондой эле окуу жылы 1-класстар үчүн 32 жума, 2-класстар үчүн 33 жума, ал эми калган класстар үчүн 34 жумага созулат. Окуу жылынын ичиндеги каникулдардын жалпы узактыгы 30 күндөн, ал эми жайкы каникул 14 жумадан кем болбошу керек. Мындан тышкары, балдарды 5 же 6 күндүк тартип менен окутууга уруксат берилди. Учкунда басылган окуу китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2026 29-июнда, жай мезгилиндеги электр энергиясын керектөө боюнча рекорд коюлуп, бир күндө 47 миллион 112 миң киловатт-саат пайдаланылган. Бул туурасында Энергетика министрлигинен кабарлашты. Былтыркыга салыштырсак, 2025-жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 миллион кВт-сааттын тегерегинде болгон. "Улуттук электр тармагы" керектөөнүн өсүшүнө көп кабаттуу үйлөрдүн салынышы, социалдык жана өндүрүш объектилеринин ишке берилиши жана абоненттердин санынын жыл сайын орточо 30 миңге көбөйүшү себеп болгонун жазды. Мекеме жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр санаты" эл аралык музыка фестивалы өтөт. Бул туурасында аталган иш-чаранын координатору Айнура Темирбекова билдирди. Музыка майрамы 2-5-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Рух-Ордо" комплексинде болмокчу. "Көчмөндөр санатына" 30дан ашык өлкөдөн кесипкөй музыканттардын келери күтүлүүдө", — деди Темирбекова Эске салсак, Кыргызстан бул сапар уюштуруп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтмөкчү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/01/1102166334_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dd4b0911fd25fc624485da7aac200008.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио