00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:05
55 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Мамлекеттик жөнгө салуу: эми күйүүчү майдын баасы өспөйбү?
13:08
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
On air
14:09
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Туңгуч президент Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келди. Ал эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда. Эске салсак, Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан иш боюнча Аскар Акаевге 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн башкы келишим жана 2003-жылдагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшкөн жана шалаакылык кылган деген айыптар коюлган. 2021-жылдын август айында, 16 жыл өткөндөн кийин, Акаев Кыргызстанга келип, Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берген. Ал ошол эле жылдын декабрында дагы өлкөгө келген.
Кыргызстанда маданият, искусство жана көркөм билим берүү тармагындагы адистерди даярдоо үчүн "Келечек" эл аралык мамлекеттик стипендиясын түзүү демилгеленүүдө. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Жобого ылайык, стипендия музыкалык, театралдык, хореографиялык, көркөм сүрөт, кино өнөрү, музей иши, реставрация, маданият мекемелерин башкаруу жана башка чыгармачыл багыттар боюнча билим алуу, стажировка өтүү же квалификациясын жогорулатуу үчүн берилет. Талапкерлер чет өлкөдөгү окуу жайдан кабыл алынганын же расмий чакыруу алганын тастыкташы керек. Бирок мындай документтин болушу стипендия автоматтык түрдө берилет дегенди билдирбейт. Программа бюджеттен каржыланып, стипендия конкурстук негизде ыйгарылат. Ошол эле учурда чет өлкөгө тапшыруу, виза алуу, жашоо жана башка кошумча чыгымдар талапкерлердин мойнунда болот. Стипендия алгандар окуусун аяктагандан кийин өлкөгө кайтып келип, алган адистиги боюнча 1-5 жыл иштөөгө милдеттендирилет.
Скутер жана мопед айдоочуларына "Коопсуз өлкө" камералары жүздөрдү да тааный ала тургандыгы эскертилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалымдалгандай, коомдук жайлардагы камералар сутка бою үзгүлтүксүз иштеп, жол эрежелерин бузган учурларды автоматтык түрдө каттап турат. Ошондой эле видеокөзөмөл системалары мыйзам бузууларды аныктоо менен катар жүздөрдү таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. "Азыркы тапта скутер, мопед жана башка эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, жолдордо кооптуу абалдарды жаратып жаткан учурлар көбөйүүдө. Мындай аракеттер өздөрүнүн гана эмес, башка айдоочулардын жана жөө адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаратат", — деп айтылат маалыматта. ЖКККББ скутер жана мопед айдоочуларын жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Россия Киевдин чабуулдарына жооп катары Украинанын согуштук маанилүү объектилерине үзгүлтүксүз сокку урат РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкөнүн аскер күчтөрү бул тапшырманы аткарууга киришкенин айтты. “Президент Киевдин кезектеги аракетинен кийин массалык жана топтук соккуларды жасай турганыбызды жарыялады”, — деген Лавров журналисттерге. Белгилей кетсек, Украин армиясы Москва облусуна акыркы эки жылдагы эң ири дрондук чабуулдардын бирин жасады. Чабуулга дээрлик 200 дрон колдонулган. Алдын ала маалымат боюнча, 17 адам жаракат алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0