00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
41 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамлекетке чыккынчылык кылгандарга, тыңчыларга колдонулган. СССРдеги өлүм жаза

© Sputnik / Александр ПоляковӨлүм жазасы аткарылар алдында өмүрү кыйыла турган адам кие турган кийим. "Түрмө жана эркиндик" көргөзмөсүндөгү экспонат. Россия.
Өлүм жазасы аткарылар алдында өмүрү кыйыла турган адам кие турган кийим. Түрмө жана эркиндик көргөзмөсүндөгү экспонат. Россия.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 1947-жылы ушул күнү, тагыраагы, 78 жыл мурда СССРде өлүм жазасы жокко чыгарылып, бирок көп узабай эле кайра киргизилген.
"Эмгекчилердин көп сандагы өтүнүчү боюнча", — деп түшүндүргөн бийлик өкүлдөрү.
1947-жылы 26-майда СССР Жогорку Советинин президиуму жарлык чыгарат да, бардык өлүм өкүмдөрүн 25 жылдык эмгек лагерлериндеги абакка алмаштырат.
Советтер Союзу өлүм жазасын жокко чыгарган дүйнөдөгү алгачкы ири мамлекет болгон. Улуу Британияда жана Францияда бул өкүм ондогон жылдардан кийин гана жоюлган.
Бирок 1950-жылы 12-январда өлүм жазасы кайра калыбына келтирилип, ал мамлекетке чыккынчылык кылгандарга, тыңчыларга жана диверсанттарга карата колдонула баштаган. Бул чечим совет бийлиги тарабынан ЦРУ сыяктуу чет элдик чалгын кызматтары менен иштешүүгө каршы кандуу согуштун шартында кабыл алынган.
1960-жылы өлүм жазасы Кылмыш-жаза кодексинде өзүнчө берене катары көрсөтүлгөн. Ал мамлекетке чыккынчылык, тыңчылык, террордук актылар, диверсиялар, бандитчилик, киши өлтүрүү, ошондой эле аскердик мезгилдеги кылмыштар (мобилизациядан качуу, дезертирлик, талап-тоноо, өз эрки менен душманга багынуу, согуш аймагындагы жарандарга карата зомбулук) үчүн каралган.
Кийинки жылдары өлүм жазасы каралган кылмыштардын тизмеси кеңее баштаган. 1961-жылы ага өзгөчө ири өлчөмдөгү уурдоо, ал эми 1962-жылы милиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу, зордуктоо жана пара алуу сыяктуу оор кылмыштар кошулган.
Бүгүнкү күндө Россиянын Кылмыш-жаза кодексинде өлүм жазасы каралганы менен ага мораторий жарыялангандыктан колдонулбайт.
Россиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги 59-беренеде буга түшүндүрмө берилген.
"Өлүм жазасы адамдын өмүрүнө каршы багытталган өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана белгилениши мүмкүн. Ал аялдарга, 18 жашка чыга элек кезде кылмыш жасагандарга жана өкүм чыгарылган учурда 65 жашка жеткен эркектерге карата колдонулбайт", — деп жазылган анда.
Жаңылыктар түрмөгү
0