Акыркы жылдардагы архивдик материалдар жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуу Ата Мекендик согушка жалпы Кыргызстандан 381 000 адам чакырылган, анын ичинен 326 900 киши армияга тартылган. Согуштун алгачкы айларында Кыргызстандан 36 295 эмгек армиясына чакырылып, Урал, Кузбасстагы өнөр жай жана курулуш тармагында иштеген. Жалпысынан согуш жылдары эмгек армиясында 54 миңден ашуун кыргызстандык кызмат кылган. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден Улуу Ата Мекендик согушта кан кечкен кыргызстандык жоокерлердин эч жакка чыга элек сүрөттөрүн тапты.
Кызыл армиянын фашисттик Германияны талкалап, багындырганына быйыл 81 жылдын жүзү болду.
Акыркы жылдардагы архивдик материалдар жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуу Ата Мекендик согушка жалпы Кыргызстандан 381 000 адам чакырылган, анын ичинен 326 900 киши армияга тартылган. Согуштун алгачкы айларында Кыргызстандан 36 295 эмгек армиясына чакырылып, Урал, Кузбасстагы өнөр жай жана курулуш тармагында иштеген. Жалпысынан согуш жылдары эмгек армиясында 54 миңден ашуун кыргызстандык кызмат кылган.
Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден Улуу Ата Мекендик согушта кан кечкен кыргызстандык жоокерлердин эч жакка чыга элек сүрөттөрүн тапты.
207-аткычтар дивизиясынын офицерлери. Германия, 1945
Батыш фронтто душманга бир нече ирет катуу сокку урган. 1943-жылы июнда 40- өзүнчө кыргызстандык аткычтар бригадасынын негизинде түптөлгөн. 7 шаар менен 425 айылды фашисттерден бошоткон. 6500 гитлерчинин көзүн тазалап, Вермахттын 100 офицер менен аскерин туткундаган. 1945-жылы Берлинди алууга катышкан. Дивизиянын катарында келечектеги мамлекеттик ишмер Ахматбек Сүйүмбаев да салгылашкан.
Кыргызстандык аскердик учкуч Махамат Амантаев. 1943.
1922-жылы Токмокто төрөлгөн, Фрунзе аэроклубун бүтүргөн. Кенже лейтенант Амантаев 1942-жылдын декабрда согушка аттанып, 366-өзүнчө чалгындоо авиациялык полкунун катарында салгылашкан. Фронтто 39 жолу командачылыктын чалгын боюнча тапшырмасын ийгиликтүү аткарган. Эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз жана I даражадагы Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери менен сыйланган. 1943-жылы 2-августта Крым жарым аралын бошотуу учурунда туткунга түшкөн.
Гитлерчилер Дахау концлагериндеги кыргызстандык аскердик учкуч Махамат Амантаев тууралуу жазган маалымат. 1944-жыл
1944-жылы 23-февралда 33 советтик аскердик учкучту атууга алып барышат. Арасында Махамат Амантаев да бар эле. Советтик учкучтар фашисттик желдеттерге кол салышат. Үч немецти өлтүрүп, бирөөсүн күйүп жаткан мешке салып жиберишет. Бул салгылашта советтик учкучтун баары каза болуп, гитлерчилер алардын сөөгүн өрттөп жиберишкен.
Атайын багыттагы тоолуу аткычтарды даярдоо боюнча көчмө мектептин жетекчиси, альпинист Боривой Маречекти Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин курамындагы дене тарбия жана спорт комитети сыйлаган ардак грамотасы. 29.07.1943, Фрунзе
М. В. Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруу заводу кан майданда курман болгон жумушчуларына арналган эстеликтин ачылган аземи, Фрунзе 1990. Автору Дагаев
Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлебердиевдин урматына ачылган мемориалдын салтанаттуу аземи. Чолпонбай айылы, Киров (азыркы Айтматов) району, 1981
Гвардиянын полковниги Дмитрий Чураков. Түштүк фронт,1943
Ал жарандык согуштун учурунда Фергана фронтунда басмачыларга каршы күрөшкөн. Андан кийин Алай-Гүлчө өзүнчө чек ара комендатурысынын “Эркечтам” заставасын жетектейт. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда контрчалгын багытында салгылашкан