https://sputnik.kg/20260330/iran-ormuz-kysygynan-otkon-kemelerden-akcha-almakchy-1100513247.html
Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден төлөм алууну караштырууда
Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден төлөм алууну караштырууда
Sputnik Кыргызстан
Ирандык депутат Тегеран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи. 30.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-30T14:17+0600
2026-03-30T14:17+0600
2026-03-30T14:17+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
иран
ормуз кысыгы
төлөм
кеме
коопсуздук
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0b/1100168704_0:61:3421:1985_1920x0_80_0_0_6684f16ba749151eced7c94dbd3ebfca.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ирандын парламенти коопсуздукту камсыздап жана кемелерди Ормуз кысыгынан акча төлөп өткөрүү маселесин карап жатат. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн парламентинин тышкы саясат, улуттук коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Алаоддин Боружердиге таянып билдирди. Депутат Иран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи. Тегеран суднолордун коопсуздугун камсыздап, ары-бери өткөнү үчүн салык алмакчы. АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.
https://sputnik.kg/20260330/tramp-irandagy-munayyna-ee-boluunu-kaalaganyn-aytty-1100510495.html
жакынкы чыгыш
иран
ормуз кысыгы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0b/1100168704_346:0:3075:2047_1920x0_80_0_0_a6351164fca647fd73a84161267aaab9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, ормуз кысыгы, төлөм, кеме, коопсуздук
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, ормуз кысыгы, төлөм, кеме, коопсуздук
Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден төлөм алууну караштырууда
Ирандык депутат Тегеран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ирандын парламенти коопсуздукту камсыздап жана кемелерди Ормуз кысыгынан акча төлөп өткөрүү маселесин карап жатат. Бул туурасында
РИА Новости аталган өлкөнүн парламентинин тышкы саясат, улуттук коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Алаоддин Боружердиге таянып билдирди.
"Парламенттин билдиргенине караганда, кысыкта жаңы тартип киргизилет", — деп Боружердинин айтканын Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы таратты.
Депутат Иран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи. Тегеран суднолордун коопсуздугун камсыздап, ары-бери өткөнү үчүн салык алмакчы.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.