00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Келечек платформасы: кадр даярдоо программалары КР экономикасын кантип чыңдоодо

© Фото / пресс-службе ОЭЗ "Алабуга"Эл аралык "Алабуга Старт" программасынын катышчуусу
Эл аралык Алабуга Старт программасынын катышчуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2025
Жазылуу
Компания жаңылыктары
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жаштарга, интеграцияга жана өнүгүүгө жасалган басым – жаңы программалар Россия менен туруктуу кызматташуунун жана өсүштүн маанилүү куралы болуп бара жатат.
Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн экономикалары өз ара тыгыз байланышта, бул айрыкча эмгек жана финансы агымдары жаатында болууда. Борбор Азия мамлекеттеринин миллиондогон жарандары жыл сайын Россияга иштегенге барат. РФтин Ички иштер министрлигинин статистикасына баам салсак, 2024-жылы ишке орношуу максатында Россияга 6,3 миллион чет өлкөлүк жаран келген.
Маанилүүсү — мигранттар тапкан акчанын олуттуу бөлүгү мекенине которулуп турат. Бул каражаттар үй-бүлөлөрдү акча жагынан колдоого жана каражат жиберген өлкөлөрдүн бюджеттерин толтурууда чоң роль ойнойт. Маселен, Кыргызстанда чет өлкөдөн келген акча которуулардын көлөмү ИДПнын 18 пайызына чейин жетет жана социалдык туруктуулукту, ошондой эле ички керектөөнү камсыздоого олуттуу көмөк көрсөтөт.
Ушундай шартта эмгек миграциясы боюнча программалар жөн гана экономикалык инструмент болуп калбастан, туруктуулуктун негизги тирөөчүнө айланууда. Россия, айрыкча өндүрүш тармагында эмгек ресурстарына, жумушчу күчүнө өсүп жаткан муктаждыкты сезип, ынтызарлыгы жогору жумушчу күчүн тартууга кызыкдар. Ал эми бул жагынан алганда КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн мыйзамдуу түрдө ишке орношуу гана эмес, кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү да ачылат.
Көзгө көрүнүктүү эң мыкты мисалдардын бири — "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагы (Россиянын Татар Республикасы) тарабынан демилгеленген "Алабуга Старт" эл аралык программасынын өнүгүшү болду. 2022-жылы ишке киргизилген бул программа КМШ өлкөлөрүндөгү кыздардын кесипке ээ болуп, аны өнүктүрүүгө жана жогорку технологиялуу ишканаларда иштөө мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган. Үч жылдын ичинде программа катышуучуларга өздөрүнүн турмуштук керектөөлөрүн камсыз кылууга гана эмес, көпчүлүгүнө үй-бүлөсүнө туруктуу, бир тутумга салынган ыкма менен колдоо көрсөтүүгө шарт түздү.

ЖАТАКАНА, ИШ ЖАНА ЖАКШЫ АЙЛЫК

Программа КМШ өлкөлөрүнөн келген, 16дан 22 жашка чейинки амбициялуу, ири компанияда карьера жасоого даяр болгон жаш кыздарга, келечектүү кардрларга басым жасайт. Алардан иш тажрыйбасы же тармактагы билими талап кылынбайт. "Алабуга Старт" кесипке жасалган алгачкы кадамды таштатып, татыктуу маянасы бар жумушка иштөөгө жана өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк берет.
Компания катышуучулардын Россияга учуусуна кеткен чыгымдарын төлөп, ишке орношууда ар тараптуу колдоо көрсөтөт жана заманбап корпоративдик хостелдерден жеңилдетилген шарттагы жашай турган жай берет (ага кеткен чыгым айына болгону 44 доллар).
© Фото / пресс-службе ОЭЗ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2025
Албетте, маяна программаны өзгөчө кызыктуу кылган негизги факторлордун бири, тагыраагы, кыздардын айына "колуна ала" 860 доллардан 1783 долларга чейинки эмгек акысы.
Баса белгилей кетчү нерсе — программа сунуштаган карьералык багыттар тизмесин тынымсыз кеңейтип келет. 2025-жылы жумуш багыттарынын саны алтыга жетти. Бүгүнкү күндө кыздар өндүрүш операторы же автотранспорт цехиндеги айдоочу кесибин тандай алышат. Ресторан же мейманкана бизнесинде өздөрүнүн жөндөмүн сынап көрүп, ошондой эле курулуш тармагындагы монтаждоо же жасалгалоо жумуштары боюнча адистиктерди өздөштүрө алышат.
Татарстандагы бул аянтча бир нече жыл катары менен Россиядагы өзгөчө экономикалык аймактар арасында ишинин майнаптуулугу боюнча биринчи орунду ээлеп келет. Анын аймагында ондогон ири заводдор иштейт (анын ичинде Түркиядан, Германиядан, Даниядан жана Бельгиядан келген чет элдиктер бар) жана бул ишканаларда жогорку квалификациялуу кадрларга карата өсүп жаткан муктаждык бар.
Ошентип, "Алабуга" жетекчилиги даяр кадрларды рыноктон издегенден көрө, өзүнүн адистерин тарбиялап чыгаруу алда канча туура экенин түшүнгөн. Дал ушундай ойдон улам "Алабуга Старт" программасы түптөлгөн. Анын максаты кадр жетишсиздиги маселесин чечүү менен бирге, ынак мамиледеги өлкөлөрдүн жаштарына ишке орношууга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.
КМШ өлкөлөрүнөн келген жаш кыздар программага катышуу аркылуу иштеп гана тим болбостон, интеграциялык иш-чаралардын алкагында Татарстандагы жашоо менен да таанышууда.
© Фото / пресс-службе ОЭЗ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2025
Алар үчүн республиканын тарыхый шаарларына (Елабуга, Набережные Челны, Казань) экскурсиялар уюштурулуп, спорттук иш-чаралар жана сүйлөө клубдары өткөрүлөт. Мунун бардыгы алардын жергиликтүү чөйрөгө тезирээк көнүүсүнө жана аймактын маданиятын тереңирээк түшүнүүсүнө жардам берет.

ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨНҮ КОЛДОО

Өлкөлөрдүн жергиликтүү бийлиги бул демилгени сыйзамдуу миграциянын жана жаштардын жумушка орношуусунун натыйжалуу каналы катары колдоп келет. Маселен, Кыргызстандагы Нарын облусунун жетекчилиги өзгөчө экономикалык аймакка болгон сапарынан кийин компания менен кызматташтык боюнча келишим түзүп, "Алабуга Старт" программасын жаштар үчүн Россияда расмий түрдө иштөө мүмкүнчүлүгүн берген мыкты платформа катары атады.
– Мурда мен өзүм "Алабуга" болгом жана чындыгында, алган таасирлерим абдан жагымдуу болду. Өз көзүм менен "Алабуга Политехтин" штаб-квартирасын көрдүм, "Алабуга Старт" программасына катышкан кыргызстандык кыздарга жолуктум. Бул чынында эле жаштар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн жер экен, – деп президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу пикири менен бөлүштү.
© Фото / пресс-службе ОЭЗ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2025
Программа Евразиялык экономикалык форумда да жаштардын жумушка орношуусуна көмөктөшүү жана кадрларды интеграциялык мейкиндикте кесиптик жактан ылайыкташтыруу боюнча ийгиликтүү, майнаптуу мисал катары тааныштырылган.
Бул демилгеге аймактык бийлик да, ишкер чөйрөсү да колдоо көрсөтүүдө. Натыйжада программа аркылуу Россия менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда эмгек миграция жаатында жаңы өз ара кызматташтык форматы калыптанууда.
Мындан тышкары, тапкан акча кыздардын мекениндеги үй-бүлөлөрүн колдоосуна чоң мүмкүнчүлүк берет. Алардын көбү айлыктын арбын бөлүгүн үйүнө жөнөтүп, ата-энесине жана жакындарына көмөк көрсөтүп келишет. Мисал катары кыргызстандык Алина Тойгонбаева тууралуу айтсак болот. Ал "Алабуга Старт" жөнүндө курбусунан уккан.
– Арыз жөнөттүм, анан HR мага байланышты. Сүйлөштүк, андан кийин алар программа тууралуу ата-энеме да толук түшүндүрүп беришти. Мени эч кыйынчылыксыз узатышты. Азыр апама жардам берип жатам. Бул жакта алты ай иштеп, анын насыясынын жарымын төлөп бердим, – деп айтып берди Алина.
© Фото / пресс-службе ОЭЗ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2025
Бул көрүнүш жалпы тенденцияга туура келет. КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын которгон акчалары Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасы үчүн маанилүү киреше булагы. Маселен, чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар 2024-жылы мекенине дээрлик үч миллиард доллар жөнөтүшкөн. Бул болжолдуу алганда, өлкөнүн ИДПсынын 17 пайызы. Демек, "Алабуга Старт" программасына жүздөгөн кыздын катышып, иштеши да жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтуу жана акча агымын көбөйтүү аркылуу КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына түз пайда алып келет.
Мындан кем эмес маанилүү жагы бар. Ал — адамдык капиталдын топтолушу. Россияда эки жыл иштеген мезгилде кыздар кесиптик баалуу даярдык алышат. Программа бүткөндө практикалык көндүмдөргө жана башкаруу тажрыйбасына ээ квалификациялуу адистер катары даяр болуп чыгышат. Алар эмгек тартибин, заманбап өндүрүш технологияларын, эл аралык чөйрөдө ишкердиктин карым-катышын жүргүзүүнү үйрөнүшөт. Ал эми мунун бардыгы алардын эмгек рыногундагы атаандаштык жөндөмүн жогорулатат.

ЖАҢЫ МУУНДАГЫ КЕСИПКӨЙЛӨР

Программанын бүтүрүүчүлөрүнүн көбү тандалган тармакта карьерасын мындан ары улантууну же топтолгон капитал менен билимин колдонуп, өз бизнесин ачуу ниетинде. Мындай "кайтарым агым же майнаптуу жыйынтык" ыкмасындагы тажрыйба КМШ өлкөлөрүнө да пайда алып келиши мүмкүн. Өзүнүн мекенине кайтып келген кыздар жаңы компетенциялар менен кененирээк дүйнө таанымга ээ болуп келишет да, мыкты практикаларды жайылтып, алдыңкы ыкмаларды таратат.
Негизи эле бул программа маанилүү социалдык ролдун жүгүн да көтөрөт. Ал салттуу коомдордогу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөт. Туруктуу, жакшы маяналуу жумуштагы кыздар экономика, карды жактан көз карандысыз болуп, өзүнө болгон ишенимин арттырат. Мындай көрүнүштөр КМШ өлкөлөрүндө кыз-келиндердин эмгегине жана карьерасына болгон мамилени өзгөртүп, башкалар үчүн да дем берет.
© Фото / пресс-службе ОЭЗ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2025
"Алабуга Старт" моделин башка аймактарга жана тармактарга да кеңири масштаб менен киргизүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Негизинен бул — заманга бап келген экономика жана технологиялык өзгөрүүлөр шартында иштөөгө даяр жаңы муундагы кесипкөйлөрдү калыптандыруу дегенди билдирет. Программанын ийгилиги өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте ушундай долбоорлорду жаратууга дем берип, узак мөөнөттө болуп, келечекте постсоветтик мейкиндиктеги интеграцияны чыңдоого жана бардык тараптар үчүн өз ара пайда алып келүүгө өбөлгө түзөт.
Эл аралык "Алабуга Старт" программасыкадрлар боюнча салмакталып, бышып-жетилген, өз ара пайдалуу кызматташуу стратегиясы бир эле учурда бир нече мамлекеттин өнүгүү иштерин кантип чече аларына мисал болгон жакшы кадам. КМШ өлкөлөрүнүн жаштары өз алдынча өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө, татыктуу кирешеге табууга жана өсүп-өнүгө турган келечекке ээ болуп жатышат. Ал эми Россия эмгек ресурстарынын агымын жана жакын коңшулар менен байланышын бекемдөөгө жетишип келет.
Кызматташтыктын мындай форматы өзүнүн майнаптуу экендигин буга чейин эле далилдеди. Программанын алдында — жаңы агымдар, жаңы ийгиликтерди жараткан тарыхтар жана балким, жалпы гүлдөп-өсүү үчүн географиясын дагы кеңейтүү сыяктуу келечектүү мүмкүнчүлүктөр турат.
Материал коммерциялык шартта жарыяланды
Алабуга Старт эл аралык программасын катышчуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жогорку айлык, диплом, саякат: "Алабуга Старт" эл аралык программасы кабыл ала баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0