00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему конфликт на Украине затянулся - и с чего он начался: беседа с политологом из Крыма
14:04
55 мин
Особый акцент
Почему конфликт на Украине затянулся - и с чего он начался: беседа с политологом из Крыма
15:00
0 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Салттуу ислам чөлдөгү маданияттын кийимин камтыган эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов The Liberium чет элдик басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Аткаминерге никаб боюнча суроо узатылган. Эскерте кетсек, Кыргызстанда коомдук жайларда жана мамлекеттик органдарда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Мыйзам бузгандарга айып пул каралган. "Кыргызстан дин эркиндигин урматтайт жана көп улуттуу, көп конфессиялуу коом катары гармонияга жетишкенине сыймыктанат. Бирок биздин өлкөдөгү салттуу ислам эч качан Жакынкы Чыгыштагы чөлдүү жердин кийимин колдонгон эмес. Андай кийимдин биздин аймакка жат. Кыргыз аялдарынын коомдо өз орду болгон. Биздин исламдык салт эл көзүнө кийинүүнү эмес, ачыктыкты, билимди, сабырдуулукту жана адамгерчиликти баалайт", — деди Байсалов.
Эмгек министрлиги 2026-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти. Ага ылайык, Кыргызстанда 1-7-январда жана 1-10-майда каникул болот. Мындан тышкары, 8-март аялдардын эл аралык күнү, 21-март Нооруз жана 31-август Эгемендүүлүк майрамы да иш күндөрү эмес. Буларга Орозо жана Курман айт кошулат. Ал эми 20-март, 30-апрель жана 31-декабрь кыскартылган иш күн болот.
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандан жана Казакстандан Россия Федерациясына автомобиль транспорту менен товарларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ташып кирүү мөөнөтүн 25-декабрга чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ укуктук актыларды расмий жарыялоо сайтында жайгаштырылган. Путиндин жарлыгы менен маркаланбаган жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукциясы катары тастыктаган документтерсиз эле товарларды ташып кирүүгө уруксат берилди. Мурунку мөөнөт 10-декабрга чейин гана болчу.
Европа Биримдиги Түркиянын ээлигинде болгон россиялык С-400 абадан коргонгон ракеталык комплексин сатып алып, аны Украинага берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул туурасында кырдаалдан кабары болгон дипломатиялык маалымат булагы билдиргенин РИА Новости жазды. "Жакында Түркия менен АКШнын ортосундагы чыңалган маселени чеберлик менен чечүүгө көмөктөшүү туурасында бир ой пайда болду. АКШ буга чейин НАТОнун союздашы россиялык курал-жарак сатып алганына катуу нааразы болуп келген. Идеянын өзөгү — Европа Биримдигинин Түркиядан С-400 комплексин сатып алышында турат", — деп агенттиктин маектеши айтып берди. Азыр ЕБде бул маселени Украинага жардам көрсөтүүнүн алкагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. /// Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 80 тыйынга рубль 1 сом 14 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 12-декабрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. жума күнү айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16 Ысык-Көлдө +2...+7 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...+3 градусту көрсөтөт. Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +13...+15 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0