00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
АКШ, Израиль, Иран согушу: дүйнөнү эмнеге кептейт?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рекордные сборы и упрощение процедур - как прошел 2025 год для налоговой
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде органикалык азык-түлүк боюнча күчтүү атаандаштык түзө алабыз — жаңы мыйзам кабыл алынат
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги элди жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырды. Мындай чечим пиротехника абаны булгай турганына байланыштуу кабыл алынган. “Кыш мезгилинде ансыз да абаны булгоочу заттардын концентрациясы жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар таштандынын көлөмүн көбөйтүп, өрт чыгуу коркунучун жогорулатат”, - деп айтылат маалыматта. Министрлик салюттардын ордуна жарык инсталляцияларын, LED-иллюминацияларды жана дрон-шоуларды колдонсо боло турганын белгиледи. Ведомство ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, шаарлардын мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыз кылууну сунуштады.
Эки жумада 11 208 адам айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Адилет Сейталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, азырынча онлайн кызматты көрсөтүүдө айрым кыйынчылыктар бар. "Айдоочулук күбөлүктү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу кызматы 17-ноябрдан тарта жеткиликтүү болду. Айдын аягына чейин, тактап айтканда, эки жумада 2709 онлайн кайрылуу түштү. Ал эми оффлайн 8499 адам кайрылды", — деди Сейталиев. Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу бюрократия менен кезекти кыскартууга орчундуу салым кошуп жатканын билдирди.
УКМКнын академиясында "Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда жасалма интеллекттин жана маалыматтык технологиялардын ролу" аттуу темада актуалдуу маселе боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Атайын кызматтан билдиришкендей, тегерек столдун максаты санариптик технологиялардын өнүгүшүнөн келип чыккан коркунучтарды талдоо улуттук маалымат коопсуздугун жакшыртуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо болгон. Анда жасалма интеллекттин учурдагы тенденциялары жана анын санариптик коопсуздукка тийгизген таасири, чоң маалыматтарды жана интеллектуалдык алгоритмдерди колдонуудагы тобокелдиктер жана укук коргоо органдарында ЖИни колдонуу жана киберкоргонуу боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоо зарылдыгы талкууланды. Жыйынтыгында ЖИ жаатындагы илимий изилдөөлөрдү, практикага багытталган окутууну күчөтүү жана мекемелер аралык кызматташтыкты кеңейтүү сунушталды.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы кырдаалды европалык лидерлер менен болгонун болгонундай талкуулаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал баарлашуу абдан курч мүнөздө өткөнүн айтып, ошол эле учурда Франциянын, Германиянын жана Улуу Британиянын лидерлерин "жакшы достор" деп атады. Трамп европалык лидерлер дем алыш күндөрү АКШ делегациясынын жана Зеленскийдин катышуусунда жолугушуу өткөрүүнү сунушташканын билдирген. АКШ президенти ошондой эле украиналык жаңжалды жөнгө салуудагы пикир келишпестиктер айрым адамдарга тиешелүү экенин айтып, бирок кимдер экенин тактаган жок. Ошол эле учурда ал Владимир Зеленскийди кайрадан сындап, аны кырдаалга реалдуу кароого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0