00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Куда поступать» — вопрос, который задают слишком поздно: разговор о профориентации
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлдү мыйзамсыз торлордон арылтуу аракети – Суучулдар жайы-кышы дебей иш үстүндө
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Первый посол КР при ООН: в советской школе дипломатии нас учили слушать, писать, анализировать и правильно молчать
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты. Конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын үлгүлөрү көрсөтүлгөн "Кыргыз айылы" этнографиялык комплексине алып барышкан. Анда мамлекеттердин башчылары боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга кирген мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрүнө күбө болушту.Соңунда президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларынын ар бирине өздөрүнүн мамлекетинин туусунун өңүндө шырылган панно белек кылган. Мындан тышкары, Беларусь башчысына добулбас, сыбызгы, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге кыл кыяк, Россия лидери Владимир Путинге комуз, ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго керней, сурнай тартууланган.
Бишкекте ЖККУнун тышкы иштер, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйыны башталды. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш-чараны ачып жатып, өнөктөштөргө Кыргызстандын төрагалыгы маалындагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бүгүнкү жыйын жемиштүү болоруна ишеним артып, талкууну жабык эшик артында улантууну сунуштады.Жыйында учурдагы коопсуздукка байланышкан маанилүү маселелер сөз болору белгиленди. Анын ичинде баңгизат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө маселеси бар. Катышуучулар коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерге арналган декларацияны кабыл алары күтүлүп жатат. Ошондой эле кийинки үч жылга ЖККУнун баш катчысынын талапкерлиги каралат. Бул кызматка Кыргызстан Таалатбек Масадыковду көрсөтүүдө.
Тигүү тармагындагы көйгөйлөр жакынкы арада чечилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тигүү өнөр жайындагы маселелер да талкууланды "Бизге түздөн-түз тапшырма берилген. Бул маселе чечилет. Биздин ички өндүрүүчүлөрдүн, тигүү цехтеринин маселеси да талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Биз булардын үстүнөн иштейбиз", - деди ал. Белгилей кетсек, Россияга кийим-кече ташыган тигүүчүлөрдүн товарлары эки-үч айдан бери Россиянын чек арасынан өтпөй турганы айтылган. Бул жагдай тигүү цехтеринин ишин кыйла солгундаткан.
Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин жана Александр Лукашенко Бишкектеги жолугушууда Украина боюнча абалды талкуулашканын РИА Новости жазды. РФ лидери беларустук кесиптеши менен дайым байланышта экенин белгилеп, анын Украинада тынчтык орнотуу процессине кошкон салымына токтолду. Лукашенко өз кезегинде Минск эгер Москва кааласа Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ал АКШ жаңжалды жөнгө салууда талаптарды туура кое билсе баары жакшы болорун белгилеген. Эскерте кетсек, Путин Кыргызстанга 25-ноябрь күнү мамлекеттик сапар менен келген. Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, өлкө башчылары мамилени тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. РФ лидери 27-ноябрда өтө турган ЖККУ саммитине да катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0