00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
2 млн сомду мектепке коротобуз - "Мыкты айыл өкмөт" сынагында байге алган Достук айылынын жетекчиси менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Кинонун жаңы доору: блогерлер режиссёрдон да кызыктуубу?
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Таалатбек Масадыков 1-январдан тарта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунунун башкы катчысы болот. Бул тууралуу Россиянын президентти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Маалыматка караганда, Имангали Тасмагамбетов Бишкектеги саммитте жыйынтыктоочу отчетун берет. Саммиттен кийин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунунун биринчи даражадагы Ардак белгиси менен сыйланат. 61 жаштагы Таалатбек Масадыков 2024-жылдан бери уюмдун башкы катчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Кыргызстанда Коопсуздук кеңеште, президенттин өкүлү катары иштеген. Кыргыз, орус, англис, пушту жана дари тилдерин билет.
1-декабрда шайлоо тилкелери жайгашкан мектептердин бардыгы онлайн окушат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Мындай чечим билим берүү мекемелеринде санитардык жууп-тазалоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы жаралгандыктан кабыл алынган. Ал эми шайлоо тилкеси жайгашпаган мектептер кадимки тартипте иштей берет. Белгилей кетсек, өлкөдө парламентке кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Россиянын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын 11 миң жараны билим алат. Бул тууралуу Россотрудничествонун республикалагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын болжол менен жарымы бюджеттик, калганы келишимдик негизде окуйт. Зульхарнеев россиялык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарында маанилүү кызматтарды ээлей турганын белгиледи. "Өлкөнүн аллдыңы комапнияларында эмгектенген бүтүрүүчүлөрдү билебиз. Мисалы, "Кумтөр", "Жер-Үй" компанияларында иштеген техникалык адистерди айтсак болот. Өлкөнүн азыркы жетекчилигинде да россиялык университеттердин бүтүрүүчүлөрү бар", — деди ал. Россотрудничествонун өкүлү сапаттуу программалардан, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнөн жана эки элдин маданий жакындыгынан улам кыргызстандыктар арасында Россиядан билим алуунун актуалдуулугу күч экенине токтолду. Россия өкмөтү кийинки окуу жылында Кыргызстан үчүн бюджеттик негизде билим алууга 700 квота бөлгөн. Документтер 15-декабрга чейин сайтынан кабыл алынат.
Кремль АКШнын Украина боюнча планын ЖМКлар арлыкуу талкуулоону туура көрбөйт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан нерселерди салыштырууну сунуштап жатасыздар. Жарыялангандар канчалык чындыкка дал келерин биз билбейбиз. Бул — өтө орчундуу, татаал маселе, ЖМКга чыккан билдирүүлөргө таянып талкуулоо мүмкүн эмес", — деди Кремлдин өкүлү. Песковдун айтымында, Россия сүйлөшүүлөргө ачык жана дайым даяр, ЖМКларга чыккан макалаларга да көз салып турат, бирок расмий каналдар аркылуу келген маалыматтарга таянууну туура көрөт. "Буга чейин көргөн планга Женевадагы жолугушуудан кийин толуктоолор киргенин уктук. Күтө туралы. Диалог уланып жатса керек. Азырынча расмий эч нерсе ала элекпиз", — деди президенттин маалымат катчысы. Ал Россия менен АКШ делегациялары бул жумада жолукпай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0