https://sputnik.kg/20251117/1097897645.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Азербайжан Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуулар форматына толук кандуу мүчө болду. Бул тууралуу Өзбекстан президенти... 17.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-17T08:59+0600
2025-11-17T08:59+0600
2025-11-17T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/11/1097897479_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_21634bdd1ee167dbe8a94aa7b34b3223.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Азербайжан Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуулар форматына толук кандуу мүчө болду. Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев «Борбор Азия + Азербайжан» форматындагы VII Консультациялык жолугушуунун ачылышында билдиргенин жеринен кабарчыбыз маалымдайт. Президент Мирзиёевдин айтымында, жаңы формат аймактар аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат. “Борбор Азия + Азербайжан” форматы Борбор Азия менен Түштүк Кавказды бекем байланыштырган көпүрө болуп, бирдиктүү кызматташтык мейкиндигин түзүүгө өбөлгө болот", – деди ал. Мамлекет башчысы бул чечим соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара кызматташтыкты кеңейтип, туруктуу өнүгүү маселелери боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгууга шарт түзөрүн белгиледи.Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Кыргызстанда быйылкы жылдын тогуз айында электр энергиясын керектөө дээрлик 1 млрд киловатт-саатка көбөйүп, рекорддук өсүштү көрсөттү. Бул жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин ишке киргизилиши, ошондой эле турак-жай курулушунун көлөмүнүн кеңейиши менен дагы байланыштуу. Буга байланыштуу Кыргызстанда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар активдештирилүүдө. Мындай кадамдардын бири — окуу жайларында, мамлекеттик уюмдарда жумуш күнү аяктагандан кийин жана башка мекемелерде жарыктандырууну чектөө болмокчу.Агартуу министрлиги министрлер кабинетинин "Электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык, билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чараларын киргизди. Окуу процесси аяктагандан кийин, бардык сабактар бүткөндөн соң класстарды тазалоого кетүүчү убакытты эске алуу менен 60 мүнөттөн кечиктирилбей жарыктар өчүрүлүшү керек. Бул чектөө имараттын иштешин жана сакталышын камсыз кылган инженердик системаларга жана жабдууларга тиешеси жок. Ошондой эле бул талаптар окуучулардын жашоосун камсыз кылган объекттерге жана мекемелерге, анын ичинде жатаканаларга колдонулбайт. Ведомство окуу сааттарын кыскартуу же сабактардын графигин өзгөртүү пландаштырылбай турганын Ккошумчалады.
Бишкекте персоналдык ассистенттерге жол кирени акысыз кылуу сунушталды Токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жайгаштырылды. Персоналдык ассистент — мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана балалыктан бери I топтогу майыптыгы бар адамдарды асыраган туугандары же атайын даярдыктан өткөн адамдар. Бишкекте 2202 ассистент бар.
Россия президентинин жардамчысы Путин менен Трамптын жолугушуусу убактылуу жылдырылганын билдирди Юрий Ушаков Анкориждеги макулдашуулар “украиналык соңку жоокерге чейин согуш уланышына кызыккандарга” жакпаганын белгиледи. “АКШ менен Анкорижде кабыл алынган түшүнүктөрдүн негизинде Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул чындап эле тынчтыкка жетүүгө ылайык келчү жакшы жол деп эсептейбиз”, — деди Ушаков.
Азербайжан Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуулар форматына толук кандуу мүчө болду. Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев «Борбор Азия + Азербайжан» форматындагы VII Консультациялык жолугушуунун ачылышында билдиргенин жеринен кабарчыбыз маалымдайт. Президент Мирзиёевдин айтымында, жаңы формат аймактар аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат. “Борбор Азия + Азербайжан” форматы Борбор Азия менен Түштүк Кавказды бекем байланыштырган көпүрө болуп, бирдиктүү кызматташтык мейкиндигин түзүүгө өбөлгө болот", – деди ал. Мамлекет башчысы бул чечим соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара кызматташтыкты кеңейтип, туруктуу өнүгүү маселелери боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгууга шарт түзөрүн белгиледи.Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.Кыргызстанда быйылкы жылдын тогуз айында электр энергиясын керектөө дээрлик 1 млрд киловатт-саатка көбөйүп, рекорддук өсүштү көрсөттү. Бул жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин ишке киргизилиши, ошондой эле турак-жай курулушунун көлөмүнүн кеңейиши менен дагы байланыштуу. Буга байланыштуу Кыргызстанда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар активдештирилүүдө. Мындай кадамдардын бири — окуу жайларында, мамлекеттик уюмдарда жумуш күнү аяктагандан кийин жана башка мекемелерде жарыктандырууну чектөө болмокчу.Агартуу министрлиги министрлер кабинетинин "Электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык, билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чараларын киргизди. Окуу процесси аяктагандан кийин, бардык сабактар бүткөндөн соң класстарды тазалоого кетүүчү убакытты эске алуу менен 60 мүнөттөн кечиктирилбей жарыктар өчүрүлүшү керек. Бул чектөө имараттын иштешин жана сакталышын камсыз кылган инженердик системаларга жана жабдууларга тиешеси жок. Ошондой эле бул талаптар окуучулардын жашоосун камсыз кылган объекттерге жана мекемелерге, анын ичинде жатаканаларга колдонулбайт. Ведомство окуу сааттарын кыскартуу же сабактардын графигин өзгөртүү пландаштырылбай турганын Ккошумчалады.Бишкекте персоналдык ассистенттерге жол кирени акысыз кылуу сунушталды Токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жайгаштырылды. Персоналдык ассистент — мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана балалыктан бери I топтогу майыптыгы бар адамдарды асыраган туугандары же атайын даярдыктан өткөн адамдар. Бишкекте 2202 ассистент бар.Россия президентинин жардамчысы Путин менен Трамптын жолугушуусу убактылуу жылдырылганын билдирди Юрий Ушаков Анкориждеги макулдашуулар “украиналык соңку жоокерге чейин согуш уланышына кызыккандарга” жакпаганын белгиледи. “АКШ менен Анкорижде кабыл алынган түшүнүктөрдүн негизинде Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул чындап эле тынчтыкка жетүүгө ылайык келчү жакшы жол деп эсептейбиз”, — деди Ушаков.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/11/1097897479_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7292dfbf6b2588fd04c47c76b2a781e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио