00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:52
7 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Минприроды КР запретило квадроциклы на горных склонах и установило лимит на сбор грибов - обсуждаем инициативу
08:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасы жана административдик-аймактык реформалар
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Электрондук көзөмөл же оңолууга мүмкүнчүлүк: Кыргызстанда пробациянын жаңы системасы мобилдик тиркеме кандай иштейт?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Маматзия Жолдошев о новых правилах получения документов для работы на строительном рынке
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
12 миллион документ санарипке өттү: Юстиция министрлигиндеги жаңы реформалар
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мектептерге жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирмей болдуЖанар Жолдошева VI Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль уттуКыргызстанда камсыздандыруу төлөмдөрү 770 млн сомдон аштыАлдыда кененирээк2025-жылдын 30-сентябрына карата республика боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 771,4 млн сомду түздү. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 9 айындагы 547,6 млн сомго салыштырмалуу, бул көлөм 40,9 пайызга өскөн. Жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ичинен ыктыярдуу камсыздандыруу 624,8 млн сомду түзөт, анын ичинде: жеке камсыздандыруу – 137,1 млн сом; мүлктү камсыздандыруу – 477 млн сом; жоопкерчиликти камсыздандыруу – 10,7 млн сом.Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги үлүшүн мүлктү камсыздандыруу түзөт, ал жалпы камсыздандыруу сыйлыгынын 61,8 пайызын ээлейт. Жеке камсыздандыруу – 17,8 пайыз, милдеттүү камсыздандыруу – 9,8 пайыз, жоопкерчиликти камсыздандыруу – 1,4 пайызды түзөт. Ал эми бул аралыкта эч бир жаран өмүрүн камсыздандырган эмес.
Өлкө боюнча бардык мектептерге жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасаганда билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда бул маселенин үстүндө ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Агартуу министрлиги иштеп жатат. Ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат берилет. "Эмнеге 14 ай? Анткени биринчиден 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт. Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат. Муз жолдордо, карда кантип айдоо керек, караңгыда эмнеге көңүл буруу керек, жолдордо унааң бузулган учурдагы биринчи аракеттериң кандай болот деген өңдүү практикалык сабактар кирери күтүлүүдө. 14 ай дегени сынактарды тапшырганда өтпөй калгандар кайра даярданып келгиче дагы убакыт керек болорун эске алуу менен белгиленди.
Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева VI Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 57 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин күмүш байгесине ээ болду. Белгилей кетсек, VI Ислам шериктештиги оюндары Сауд Аравия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүүдө.
Нью-Йорктун бийлиги президент Дональд Трамптын буйругу менен АКШнын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин шаарга киришине даярданып жатат. Бул тууралуу Politico басылмасына таянып РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, калаадагы бир катар кызмат адамдары, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, саясатчылар тымызын жолугушуп, Трамп Улуттук гвардияны же башка федералдык күч түзүмдөрүн шаарга жөнөтүшү мүмкүн болгон жагдайларды талкуулашкан. Губернатор Кэти Хокул жаңы мэр Зохран Мамдани шайлангандан кийин Дональд Трамптын күтүүсүз аракеттерине тынчсызданып, виртуалдык ыкчам штаб түзүп, бир нече жолугушууларды өткөргөн. "Биздин максат — алдын алуу. Эгер алдын албасак, жок дегенде кечеңдетүү", — деп белгилеген Нью-Йорк штатынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын директору Жеки Брэй. Жакында эле демократ-социалист Зохран Мамдани Нью-Йорктун мэри болуп шайланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0