https://sputnik.kg/20251107/sadyr-zhaparov-aksh-suylodu-1097693636.html
Кыргызстанда аймактык хаб түзүүнү сунуштайм. Жапаровдун АКШдагы кеби
Кыргызстанда аймактык хаб түзүүнү сунуштайм. Жапаровдун АКШдагы кеби
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Бул... 07.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-07T10:12+0600
2025-11-07T10:12+0600
2025-11-07T17:02+0600
кыргызстан
акш
президент
садыр жапаров
дональд трамп
борбор азия
жолугушуу
сунуш
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/07/1097691183_268:551:2929:2048_1920x0_80_0_0_c4f6be1ba17893e0e350df415745032e.jpg
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчы 6-ноябрда Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия — АКШ" (C5+1) саммитинде сүйлөгөн. Жапаров аймакта экономикалык өсүш боюнча оң динамика байкалып жатканын, бирок туруктуу өнүгүү үчүн АКШ менен соода алаканы кеңейтүү, Америка инвестицияларын тартуу маанилүү экенин белгилегени айтылды. Ал Кыргызстан менен АКШнын кызматташуусундагы үч стратегиялык багытты атаган: "Тарыхта Кыргызстан АКШга эч нерсе экспорттогон эмес. Бирок акыркы беш жыл ичинде IT-кызматтарынын экспорту 45 эсе көбөйдү. 2024-жылы кыргыз IT-адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетине кызматтарын 130 миллион долларга экспорттогон. Анын ичинде кызматтардын 40 пайызы АКШга, Силикон өрөөнүндөгү компанияларга көрсөтүлгөн", — деди президент. Жапаров эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштай алат. Кыргызстандын башчысы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен Кыргызстан 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкекте бизнесмендердин Б5+1 экинчи жолугушуусун өткөрө турганын айтты. Бул иш-чара АКШ бизнеси үчүн айыл чарба, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
https://sputnik.kg/20251107/zhaparov-tramp-menen-zholuktu-1097687969.html
акш
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/07/1097691183_512:572:2480:2048_1920x0_80_0_0_dbabd1fe68d0fc1b05d781e0f3a353f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акш, президент, садыр жапаров, дональд трамп, борбор азия, жолугушуу, сунуш
кыргызстан, акш, президент, садыр жапаров, дональд трамп, борбор азия, жолугушуу, сунуш
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы 6-ноябрда Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия — АКШ" (C5+1) саммитинде сүйлөгөн. Жапаров аймакта экономикалык өсүш боюнча оң динамика байкалып жатканын, бирок туруктуу өнүгүү үчүн АКШ менен соода алаканы кеңейтүү, Америка инвестицияларын тартуу маанилүү экенин белгилегени айтылды.
"Биз үчүн банктык төлөмдөрдү камсыз кылуу, инвестиция тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Региондогу өлкөлөр олуттуу энергетика ресурстарына ээ. Бул тармакта америкалык компаниялар менен карым-катнаш түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар", — деген Жапаров.
Ал Кыргызстан менен АКШнын кызматташуусундагы үч стратегиялык багытты атаган:
Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жылына 140 миллиард кВт-сааттан ашат, бирок анын 15 пайызы гана колдонулат. Өлкө бул тармакта инвестиция үчүн пайдалуу ири долбоорлорду сунуштоого даяр;
Транспорттук байланыштар. Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары регион аралык байланыштарды чыңдоого жана заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура курууга өзгөчө көңүл бурат;
Маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектини өнүктүрүү. "Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иште" деген ураан активдүү илгерилөөдө.
"Тарыхта Кыргызстан АКШга эч нерсе экспорттогон эмес. Бирок акыркы беш жыл ичинде IT-кызматтарынын экспорту 45 эсе көбөйдү. 2024-жылы кыргыз IT-адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетине кызматтарын 130 миллион долларга экспорттогон. Анын ичинде кызматтардын 40 пайызы АКШга, Силикон өрөөнүндөгү компанияларга көрсөтүлгөн", — деди президент.
Жапаров эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштай алат.
"Тактап айтканда, АКШга Кыргызстанда РегТек инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштайм", — деди Жапаров.
Кыргызстандын башчысы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен Кыргызстан 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкекте бизнесмендердин Б5+1 экинчи жолугушуусун өткөрө турганын айтты.
Бул иш-чара АКШ бизнеси үчүн айыл чарба, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.